Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

12:16 Кюн ва Кан: Кыргызстанда адам укуктарын сактоо башкаларга салыштырмалуу дурус


Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Кюн ва кан бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле Бишкекте Жогорку комиссарлыктын регионалдык өкүлчүлүгүн ачууга шарт түзүп берген үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, андай кеңсени ачуу боюнча башка өлкөлөрдөн да сунуштар түшкөнүн, бирок алар Кыргызстанды тандап алышканын белгилей кетти. Норвегиялык Хельсинки комитетинин айланасында түзүлгөн кырдаалга токтолгон Кюн ва Кан айым бул маселе анын бүгүн эрте менен башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза менен жолугушуусунда көтөрүлгөнүн айтып, прокуратура окуяны иликтеп чыгаарын билдиргенин ачыктады.(AiT)

XS
SM
MD
LG