Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

13:40 Ванда түркиялык кыргыздардын курултайы болду


Ван облусунун Улуу-Памир айылында 8-10-июнда Түркиядагы кыргыздардын жетинчи курултайы болду. Курултай кыргыздардын “Улуу Памир” коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жардамын берди.Иш чарада айыл тургундары адабий, музыкалык жана кыргыз тарыхы боюнча китеп жагынан жардам көрсөтүү өтүнүчүн кыргыз өкмөтүнө билдиришти. Курултайдын катышуучуларына Кыргызстандан барган артисттер өз өнөрлөрүн тартуулашты.Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG