Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

14:07 Суу-энергетикалык кызматташуу боюнча төрт тараптуу келишимге жетишилген жок


9-10-июнда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын энергетика жана суу чарба мекемелеринин жетекчилеринин жыйыны болуп, анда региондун суу-энергетикалык потенциалын пайдалануу маселеси талкууланды. Кыргыз тарап жыйында, быйылкы жылы коңшу мамлекеттерге 1 миллиард кВат саат электр энергиясын экспорттоого жана кошумча 1 миллиард 200 миллион куб метр суу берүүгө даярдыгын билдирди. Бирок төрт тараптуу келишимге өзбек тарап кол коюудан баш тартты. Ошондуктан Кыргызстан тараптан электр энергиясын экспорттоо жана кошумча сууну агызуу төрт тараптуу келишимге жетишилсе гана аткарылары чечилди. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн "Азаттыкка" кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG