Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

“Азаттык” үналгысы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун менен БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын регионалдык бөлүмүн Бишкекте ачууга байланыштуу маек курду.

- Турсунбек мырза, кечээ БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын регионалдык бөлүмүн Бишкекте ачуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Тышкы иштер министрлиги буга Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүүлүгү өбөлгө түздү деп билдирди. Укук коргоочулар да бул адам укуктарын сактоого жакшы шарт түзөт деп жатышат. Бирок, ошол эле учурда кийинки кезде Кыргызстанда адам укуктары бузулган учурлар көбөйүп баратат деп жатышат. Акыйкатчы катары буга кандай баа бересиз?

- Бул маселе боюнча кечээги кол коюлган азем чоң жанылык болуп эсептелет. БУУнун жогорку комисcариатынын Борбор Aзия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды тандап, ошол жерде штаб квартира жайгашканынын өзү граждандык коомдун, укук коргоочулардын, адам укугунун сакталышынын башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бир топ жакшы жагдай экенинен кабар берет. Анткени, Жогорку комиссариаттын төрайымы дагы былтыр келип президент менен анан комиссияда иштеп турганда төрагасы катары мени менен да жолугушуп кеткен. Ошондо айтканда адам укугунун абалы башка кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кичине жакшыраак, адам укугу сакталгандыгы үчүн биз Бишкекте ачып жатабыз деп. Бул өзү биз үчүн чоң сыймык. Эми бул сыймыкты аягына чейин жеткириш үчүн сактап калышыбыз керек. Бирок укук коргоочулардын адам укугунун тебеленген фактылары боюнча тынчсыздангандыгынын себептер бар. Ал Бишкек шаардык Кеңешинин токтому, андан башка дагы иштер, мисалы, тынч жүрүштөрдү чектеген маселелер, андан тышкары башка дагы тынч митингдерди өткөрүү боюнча мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңеш тарабынан иштеле башташы. Мына ушундай тынчсызданган жагдайлар көп. Бирок ошого карабастан адам укугунун абалы Кыргызстанда чыдаарлык акыбалда деп айтсак болот. Анткени, көп жагынан эл аралык стандартка туура келген жактары көп.

- Сиз кечээ Жогорку Кеңеште отчет бергенде депутаттар адам укуктарынын бузулушуна так иликтөө жүргүзүлгөн эмес деген сын айтышты. Акыйкатчы катары бүгүн БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Кюн ва Кан менен жолугушасыз. Анда ушул маселеге укуктук жактан терең изилдөө жүргүзүп, адам укуктарын сактоо механизмдерин бийлик менен укук коргоочулардын бирдей деңгээлде түшүнүп, сактоосуна шарт түзчү долбоорлорду сунуш кыласызбы?

- Биринчиден, кечээги комитетте берген отчетту мен бергеним менен ал 2007-жылкы отчет, аны мурдагы акыйкатчы отчет берип кетиши керек эле. Ал киши жетише албай, убагында бере албай, депутаттар менен сөз таба албай калган. Андан калган отчетту мен жазып бүтүп депутаттарга сунуш кылдым. Кечээ өзүңөр көрдүңөр, депутаттар комитетинин мүчөлөрүнүн бир тобу ошол отчет менен толугу менен таанышкан эмес. Биз аны эки жарым ай мурун убагында таратырп бергенбиз. Эгер депутаттардын маалыматы болгондо биздин доклад боюнча, анда кечээгидей сөз болмок эмес. Алар конкреттүү суроолорду берип, ошол докладды тереңирээк окуса жакшы болот эле. Бирок араларында окугандар да болгон экен. Ал эми бүгүн болсо биз Жогорку комиссариаттын жетекчилиги менен жолугушабыз, биз анда өзүбүздүн иштелип чыккан концепция жөнүндө, Акыйкатчы институтунун иштелип чыккан стратегиясы жөнүндө сөз кылабыз. Мурдагы Акыйкатчы институту арыздар менен иштөөнүн эле авдокаттык конторасы болуп калган. Биз азыр такыр башкача иштетип атабыз. БУУнун атайын миссиясы келип текшерип, биздин ишмердүүлүгүбүзгө оң бааларын берип атат. Көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочулардын коомдук кеңешин түзүп, эларалык уюмдар менен байланыш түзүп эларалык проекттерди баштап атабыз, концепцияны иштеп чыгабыз.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG