Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Аскар Акаев: “Улуу жазуучуну кыргыз эли акыркы сапарга жогорку деңгээлде узатат го деп терең ишенем”


Чыңгыз Айтматовдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев да көңүл айтты. Акаев бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Чыңгыз Айтматовдун ысмы кыргыз тарыхында Манас атадан кийинки эле орунда турат”, - деп билдирди. “Ч.Айтматов жаңы доордун кыйынчылыктары менен сыноолорун жеңип өтүүдө өзүнүн акылман сөздөрү менен элге тирөөч болуп берет го деген үмүтүбүз зор болчу. Бирок эми анын мүдөө-максаттарын кыргыздын жаңы мууну, жаштары өз мойнуна алышы керек”, - деди А.Акаев. 14-июнь күнү кыргыз эли, мурдагы президенттин айтымында, улуу жазуучусун акыркы сапарга жогорку деңгээлде узатуу үчүн бүт аракетин көрүшү керек. “Азыр бүтүн дүйнө кыргыздар өз жазуучусун кантип узатаар экен деп карап турат. Андыктан бул маселе биринчи орунда болушу керек”. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG