Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

GALLUP: АЧЫК СҮЙЛӨГӨНДӨН КЫРГЫЗСТАНДА ГАНА КОРКУШПАЙТ


Абройлуу Gallup кызматы өткөргөн изилдөө кооптуу көрүнүштү айгинеледи: постсоветтик өлкөлөрдө саясат темасында өз пикирин ачык айткандан айбыккандар арбып баратат. Бери эле дегенде жети республикада калктын көпчүлүгү “оозун жаап отурганды” оң көрүшөт. Андайлардын саны жалгыз гана Кыргызстанда аздык кылат, деп белгилешет Gallup уюмунун эксперттери.

Изилдөө өткөрүлгөн мурдагы советтик он төрт республиканын теңинде –жетөөндө калктын басымдуу бөлүгү ой-пикирин ичине катканды туура көрүп калышты, деп айтылат Gallup уюмунун докладында. Алардын саны Тажикстан менен Арменияда 68 процентке жетет. Ачык айтып,ак сүйлөгөндөн тайсалдагандар Молдавияда калктын – 63,Азербайжанда – 60, Өзбекстанда – 57,Литвада- 55,Грузияда – 55 процентине барабар. Бирок бул көрсөткүчтөр төмөндөө эмес, жогорулоо жолунда баратат. Мисалы, Грузияда мурдагы жылы эле эркин сүйлөгөндөн чочулагандар 30 процент болсо, былтыр алар дээрлик 25 процентке көбөйдү.

Бул абалды Freedom Houseтун өкүлү Кристофер Уолкер өлкөдөгү шайлоо өнөктүктөрү менен байланыштырды. “Бир үмүт – аталган кампаниялар,өзгөчө президенттик шайлоо Грузияда ар түрдүү көз караштардын эркиндигине кенен каалга ачып, ачык айткан ой-пикирдин саясий сазасынан чочулаган маанайды азайтышы мүмкүн”,- дейт Уолкер.

Бирок Грузияда ачык сүйлөгөндөн айбыккандар президент Саакашвили былтыр оппозицияга каршы күч колдонгондон кийин көбөйүп кетти. Ал эми калган өлкөлөрдө - Белоруссияда,Эстонияда,Казакстанда,Латвияда,Россия менен Украинада деле абал окшош экенине токтолуп, Уолкер постсоветтик режимдер баштатан эле демократиялык түзүлүштүн түйүндүү мекемелерине – жарандык коомго,маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү жолуна түшүп,ошондон баш тарта албай келатышканын белгиледи. Уолкер жергиликтүү реформачылар менен эл аралык уюмдар дал ушул институттарга назарын топтоп, алардын иштерин кепилдөөгө жетишиши зарыл деп эсептейт.

Gallup тобунун изилдөөсүндө экс-советтик республикалардан жалгыз Кыргызстанда гана ачык сүйлөөдөн айбыккандар азайып баратканы белгиленет. Алар 2006-жылы калктын 45 процентине барабар болсо,былтыр 33 процентти түзгөн. Буга өткөн жылдын январ жана апрель айларындагы массалык демонстрациялар түрткү берди. Саясий реформаны талап кылган бул акциялар кантсе да президентти айрым бир мунасалуу чечимдерди кабыл алганга аргасыз кылды, деп айтылат докладда. Gallup тобу мындан тышкары Кыргызстанда демократиянын абалына аздыр-көптүр алымсынгандар менен ага ишенич арткандар да башка бардык постсоветтик өлкөлөргө караганда бир кыйла көп экенин белгилеген.
XS
SM
MD
LG