Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

КЮН ВА КАН: КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫ САЛЫШТЫРМАЛУУ ДУРУС


Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы –башкаларга салыштырмалуу дурус. Мындай пикирин БУУнун адам укугу боюнча Баш комиссарынын орун басары Кюн ва Кан бүгүн журналисттерге билдирди. Кээ бир эл аралык уюмдар, укук коргоочулар болсо өткөн жылкы жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндигине тыюу салган бир катар токтомдордон кийин Кыргызстанда демократия артка кетип, адам укуктарынын сакталышы начарлай баштады, деген тынчсызданууларын билдирип келе жатышат.

БУУнун адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын орун басары Кюн ва Кан кыргыз өкмөтүнүн БУУнун адам укугу боюнча комиссариатынын аймактык башкармалыгын Бишкекте ачууну сунуштаганы жана Жогорку Кеңеш тарабынан кыйноолорго каршы протоколдун кабыл алынышы өлкөдө адам укуктары тиешелүү деңгээлде сакталып жаткандыгынын далили, деп эсептейт:

- Кыргыз өкмөтү адам укугунун сакталышын шарттай турган маселелерди чечүүгө аракет жасап келет. Мисалы: Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык протоколду ратификациялады. Экинчи бир негизги себеп: кыргыз өкмөтүнүн БУУнун адам укугу боюнча комиссариатынын аймактык башкармалыгын Бишкекте ачууну сунуштаганы болуп отурат.

Кюн ва Кан айымдын айтуусунда БУУнун аймактык башкармалыгы кыргыз коомчулугу адам укугунун сакталышы боюнча дайыма алдыда болуусуна колдоо көрсөтүүгө аракет кылмакчы.

БУУнун адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын орун басары кечээ жергиликтүү жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышкан. Кюн ва Кандын айтуусунда ал бул жолугушууда Кыргызстандагы балдардын, аялдардын, жаза өтөп жаткандардын укугу жана жарандардын тынч, куралсыз эркин чогулуу укугу тууралуу маалымат алган. Кюн ва Кан айым Кыргызстандагы коомдук уюмдар адам укугун коргоо жаатында жалпы Борбор Азия аймагына үлгү болорлук иштерди алып барып жатышкандыгын белгиледи:

- Алар абдан активдүү, мен алардын өз ишин өтө берилип аткарыша тургандыгын көрүп турдум. Кыргызстандын укук коргоочу уюмдары аймакка үлгү боло алышат. Мен алардын активдүү ишмердүүлүгүн мындан ары да улантуусун өтүндүм. ОШондой эле мен өкмөттүк органдардан да Кыргызстандагы укук коргоо ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жардам берүүсүн сурандым,

Эки күн мурун Кыргызстандык милиция кызматкерлери Норвеиянын Хельсинки комитетинин Бишкектеги кеңсесин тинтүүгө алышкан. Уук коргоочулар бул ишти жарандык коом менен иш алып барган эл аралык уюмдарга жасалган кысым катары баалашкан. Аталган кеңсенин жетекчиси Ивар Дале да “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө акыркы убактарда Кыргызстанда адам укугун коргоо жааты кыйынчылыкка туш болуп жаткандыгын айткан:

- Бүгүнкүдөй окуялар, менимче, бизге карата басым бар экенин айгинилейт. Бирок, менимче, өлкөдө бир эле эларалык уюмдарга эмес, жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга да кысым жасалууда. Мунун кесепетин тынч митинг-пикеттерге жыйналууга каршы чектөөлөрдүн киргизилиши менен түшүндүрсө болчудай. Кыргызстанда адам укугу жаатында да саясатчылар ойлонушу керек болгон жагдайлар бар,

Өткөн жылы күзүндө Бишкек шаардык кеңеши жарандардын тынч, куралсыз эркин чогулуусун чектеген токтом кабыл алганы белгилүү. Укук коргоочулар бул Башмыйзамга каршы келген чечим өлкөдөгү адам укугунун бузулушу болуп эсептелерин айтып чыгышкан. Шаар кеңешинин бул чечиминин негизинде “Мен ишенбейм..” кыймылынын мүчөлөрү, жарандык коом өкүлдөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип, пикет, жүрүшкө чыккан учурларда бир нече жолу милиция тарабынан кармалып, соттолушкан. “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Кыргызстан Өзбекстан менен Түркмөнстан сыяктуу авторитардык режимге бара жатат, азыркы бийликтин тушунда ага аз эле калды, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Кюн ва Кан айым үмүттөнүп атса керек: бул жаңы өкмөт тынч пикеттерди эл аралык деңгээлге алып келет, сөз эркиндигин жана адам укугун ордуна коет, депчи. Бирок негизги бүгүнкү сүрөт көрсөтүп турат –бул полициялык мамлекет болуп калды. Эч бир адам өзүнүн дооматын бийликке, мамлекеттик кызматкерлерге кое албай калды. Кыйноолорго каршы протокол ратификацияланып, өлүм жазасы алынып салынганы менен бул жазага чегерилген 174 адам бүгүн анда да оор айып коюлуп атат, алардын ишин бир да сот караган жери жок. Кыйноолор болсо уланып эле жатат, бүгүнкү күндө Хьюман райтс вотч уюмунда күч кызматкерлери тарабынан жаза өтөп жаткандардын кыйноого алынган 60 учуру катталган. Ал эми жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, пикет-митинг өткөрүү укугу чектелген боюнча гана калып жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG