Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Чыңгыз Айтматовдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев да көңүл айтты. Акаев бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Чыңгыз Айтматовдун ысмы кыргыз тарыхында Манас атадан кийинки эле орунда турат”, - деп билдирди. Кыргызстандын биринчи президенти менен кабарчыбыз Төрөкул Дооров маектешти.

- Аскар мырза, мына улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өттү. Сиздин да ичиңиз эңшерилип, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөр менен бирге залкар инсаныбызды жоктоп турсаңыз керек?

- Мен жалпы кыргыз калкындай эле радио, телевидениеден Чыңгыз Айтматов жаркын дүйнөдөн кайтыптыр дегенин угуп, мына бир күнчө болду, ошого такыр ишене албай турам. Себеби Чыңгыз Айтматов жаңы доордо дагы арбын өмүр сүрүп, жаңы доордун кыйынчылыктарын, сыноолорун, элибиз ийгиликтүү өтүп кетишине тирөөч болуп, өзүнүн акылман сөздөрү менен жардам берет деген үмүтүбүз зор эле. Ошондуктан мен жүрөгүм ооруп кабыл алдым, ишене албай турам. Бирок турмуш ошондой турбайбы.

Менимче, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы кыргыз калкына гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн дагы, өзгөчө шериктеш мамлекеттердин калктары үчүн чоң орду толгус жоготуу деп эсептейм. Себеби бардыгыбыз үчүн Чыңгыз Айтматов эң сүйүктүү жазуучубуз эле да. Ошондуктан мен жүрөгүм ооруп турган кез.

Убакыт өтөт, көп аттар унутулат, бирок Чыңгыз агамдын аты, менимче, канча убакыт өтсө дагы ошончолук жалындап, жаркырап күйүп турат. Себеби ал киши кыргыздын тарыхында өзгөчө орун ээлеп калды, өзгөчө терең из калтырды. Менимче, Манас атабыздан кийин эле Чыңгыз аганын аты алтын тамга менен кыргыз тарыхында жазылып каларына терең ишенем. Айтматовдун айтып кеткен осуяттары терең, кыргыз элинин алдына койгон бийик максаттары бар болчу. Мына ошолордун баарын ишке ашырыш, менимче, бүгүнкү муундардын, өзгөчө келечек жаштардын ыйык милдети деп эсептейм. Жалпы кыргыз эли Чыңгыз аганын жаркын элестерин кандай жүрөгүндө сактаса, мен дагы ошондой эле ал кишинин сүйүктүү элесин жүрөгүмдө сактайм. Көп жылдар ал киши менен кездешкенде, мен ар дайым күч алып, акылман сөзүн угуп, ал кишинин сөздөрү мага кандайдыр бир чоң дем берээр эле.

- Ишембиде кыргыз эли залкар жазуучу менен коштошуп, акыркы сапарга узатат, көп адамдар келгени турат. Сиз дагы келесизби Кыргызстанга?

- Мен эми байкап көрөм кандай болот.

- Аскар мырза, сизди да саясатка Чыңгыз Айтматовдун батасы менен келген деп айтып жүрүшөт...?

- Чыңгыз агага менин өзүмдүн мамилем өзгөчө болчу. Мен Кыргызстандан алысыраак өсүп калбадымбы, Ленинградда билим алып, иштеп. Ал жылдары Совет доорунда менин анча жакындыгым деле жок болчу. Туура, мени эл президент кылып шайлагандан кийин Чыңгыз ага менен абдан жакын мамиледе болдук, он чакты жыл дос, устат катары болуп калдым. Мен сыймыктанам. Бирок бийликке Чыңгыз Айтматовдун батасы менен келдим элем деп айта албайм. Себеби ал башкача болгон, ал өзүнчө башка сөз.

- Акыркы мезгилдерде Чыңгыз Айтматов ооруп жүргөн учурда сиз аны менен сүйлөшө алдыңыз беле?

- Жок, мен байланыша да, сүйлөшө да алган жокмун. Мен акыркы жылдары кичине алыстап калбадымбы. Ошондуктан мен дагы өкүнүчтөмүн. Чукул угуп, байланыша албай калдым. Бүгүн кыргыз эли, бүткүл дүйнөлүк коомчулук чоң жоготууга учурады. Адабияттын алп адамы Чыңгыз Айтматовдой атактуу, жана, дагы бир жолу кайталап коеюн, кыргыздын тарыхында Манас атабыздан кийин эле Чыңгыз агабыздын орду чоң. Аны алыскы сапарга узатып атканда, менимче, башка сөз ашыкча болот. Элибизге кошулуп мен дагы "Чыңгыз аба, кош бол", дегим келет. Бүгүнкү күндө эң чоң максат - Чыңгыз аганы татыктуу узатуу. Мына, азыр бүткүл дүнүйө "кыргыз эли атактуу уулун кандай узатат экен" деп карап турат. Аны жакшылап узатыш максат, анан башка сөз, башка кеп бүгүнкү күндө ылайыксыз болот деп ойлойм.

- Аскар мырза, маегиңизге чоң ырахмат.

- Чыңгыз ага жөнүндө кыргыз тилинде айтып калганыма ушундай жеңилдей түштүм. Себеби, кечээтен бери көп журналисттер орусча, англисче сурап жатышты эле. Анан азыр эне тилибизде айтып жеңилдеп калдым. Өзүңө дагы чоң ырахмат, иним.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG