“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Ысыккөлдөгү жетекчиси Жылдыз Осмонканованын айтуусунда, көлдүн түштүк аймагынын укук коргоочулары – көлдүн жергиликтүү депуттары жана жаштары депутат Искак Масалиевдин тынч митинг өткөрүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулады. Чогулгандар: митингдерди - административдик имараттардан алыс өткөрүү боюнча коюлган чектөөлөргө каршы экенин белгилеп, бул мыйзам долбоору элдин талкуусунан өтмөйүнчө президент кол койбош керек деп тапты. Мындай кайрылуу президентке өкмөткө жана ЖКке жолдонду. (RB)