Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

18:10 Адам укугун коргоочу уюм Жалалабаттын төбөлдөрүнө кайрылды


Уюмдун губернатор менен прокурорго жана облмилицияга кайрылуусуна кыйноого туш болуп, укуктары сакталбаган адамдардын арыз-даттануулары себеп болду. Сурак бергендер күч уюмдарындагы, жоокерлер аскер бөлүктөрүндөгү зордук-зомблуктарды билдиришкен. Жабырлануучулардын арасынан уруп-согуу, басмырлоодон кийин өлгөндөр болгон. Жакырлыкка баткан эл бийлик, сот, укук коргоо уюмдарына ишенбей калганда адам укугуна көңүл бурулбаса – социалдык ар кандай жарылуу болуусу мүмкүн. Бүгүн ушундай эскертүү жасаган «Адилет» уюму облус төбөлдөрүн адам укугун бузуу фактыларын изилдөөчү координациялык кеңеш түзүүнү сунуш кылды. Облбийликте боло турган ал Кеңештин курамына адам укугун коргоочулар менен жетекчилер, Акыйкатчынын өкүлү кирүүсү керек, - деп эсептейт «Справедливость» уюму. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG