Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

АКШ президенти Ирак менен коопсуздук жаатында келишим түзүлөт, бирок америкалык аскер базасы өлкөдө туруктуу кала бербейт деп билдирди


АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Берлинде немис Канцлери Ангела Меркел менен бирге маалымат жыйынын өткөрүп жатып, айрым маалымат каражаттары Кошмо Штаттар Иракта туруктуу аскер базасын курууга ниеттенүүдө деген туура эмес маалыматты таркатканын айтып, аны төгүнгө чыгарды. Ал эми Ирак өкмөтү менен түзүлчү жаңы коопсуздук келишими келээрки жылы Бириккен Улуттар Уюму берген мандат соңуна чыккандан кийинки мөөнөттө да АКШ аскерлеринин Иракта кала беришине мүмүкндүк берүүгө тийиш. Арийне, маалыматтарга караганда, расмий Багдад бул келишим долбоору жаатында Вашингтон менен тил табыша элек. Иран да бул келишим ниетине каршы чыкты. Тегшерандын айтымында, келишим Ирандын коопсуздугуна коркунуч туудурушу ыктымал.

Президент Буш бүгүнкү маалымат жыйынында Ирандын өзөктүк долбоору тууралуу да сөз кылып, дипломатиялык аргалар аркылуу Тегеранга таасир тийгизүү – анын артыкчылыктуу саясаты экенин, бирок бардык ыкмалар көңүлдө тургандыгын белгиледи. Шейшембиде Словениядагы АКШ-Евробиримдик саммити маалында президент Буш жана Европа лидерлери Тегеранга эскертүү жасап, эгерде ал эл аралык коомчулуктун талабына моюн сунбаса, анда ага каршы жаңы чектөөлөр киргизилиши ыктымалдыгын билдирген. Ал эми Тегеран болсо өзөктүк долбоор – тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып, Бириккен Улуттардын өзөктүк долбоорду токтотуу талабына көнбөй келет. Бүгүн да иран президенти Махмуд Ахмадинежад өз өлкөсүнүн өзөктүк программасын Батыш буга чейин эч токтото албагандыгын жана мындан ары да токтото албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG