Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ооганстанда аба соккусунан кеминде отуз бир адам набыт болду


Алардын арасынан көпчүлүгү - чет өлкөдөн келген согушчандар экенин Ооган Ички иштер министрлигинин өкүлү кабардады. Ал эми окуя болгон Пактика аймагында жашаган адвокат Халид Фарукинин айтымында, набыт болгондордун бери дегенде тогузу – карапайым тургундар болчу. АКШ жетегиндеги эл аралык колаициянын өкүлдөрү болсо төрт карапайым киши өлгөнүн, калганы жоочулар экенин айтууда. Өлкөдөгү талипчил күчтөргө каршы салгылашуулар маалында карапайым тургундардын өмүрүнөн ажырашы - коалициялык күчтөр үчүн башкы көйгөй эсептелет. Бирок ушул жылдын башынан тартып мындай учурлар салыштырмалуу аз катталды.
Ал эми эртең болсо Парижде Ооганстанга жардам көрсөтүү чараларын талкуулаган эл аралык ири жыйын өтмөкчү. Ал тууралуу «Таңкы Азаттык» берүүбүздөн толугураак сөз кылабыз.

XS
SM
MD
LG