Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

7:18 Акыйкатчы эки кыргыз милиционеринин Өзбекстанда карамалышы боюнча президентке кайрылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирип, маселени жөнгө салууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бүгүн Өзбекстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сайора Рашидовага да кайрылаарын кошумчалады. Алабука райондук милициясынын эки кызматкери 4-июндан бери Өзбекстандын кошуна Чартак районунда кармалып турат. Ошондон бери аларды бошотуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай келет. Аларга мас абалында автоунаа айдап, жол эрежесин бузду деген айып тагылууда. Кыргыз тарап болсо муну өзбек чек арачыларына байланышкан окуяга жооп иретинде атайын уюштурулган иш деп эсептейт.

2-июнда Жалалабаттын Ноокен районуна өзбек чек арачылары мыйзамсыз кирип келип, бир кыргыз жаранын күчтөп алып кетмекчи болгондо жергиликтүү калк каршылык көрсөтүп, алар курал-жарактарын таштай качышкан болчу. ИИМдин маалыматы боюнча өзбек тарап ошол курак-жарактар кайтарылса гана бул маселе оң чечилээрин кыйытышууда.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG