Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

КЕДЕЙКАНДЫН ЗАМАНЫБЫ?


“Жаңырык апта” минтип жазат: “Кайсы бир замандарда Ак Эшен аркылуу Азизканды алдап, тагына минип, үч күндүн ичинде казынадагы байлыкты элге таратып, “Кимдин кимдин заманы, Кедейкандын заманы” дедирткен , амалкөй, куу, шылуун, кайрымдуу кан өтүптүр.

Ал такка олтурары менен кезегинде өзүн бийликке алып келген Ак Эшенди ордодон кууп чыгып, экинчи жологус кылса, Азизканды жөө-жалаңдатып, аялы, балдары менен тентип качууга, ит көрбөгөн кордукту көрүүгө аргасыз кылат. Мына ушул Кедейкан заманы бүгүнкү күндө кыйыр маанисинде кайталанганы көрүнүп турат” деп мисалдап, Азизкандын тагдырына 21-кылымда А.Акаев туш болгонун, ал эми такка минген Кедейкан Ак Эшендей болуп, А. Бекназаров, Ф. Кулов, А. Атамбаев, А. Мадумаров жана башка өз санаалаштарын катарынан айдап чыкканын, азыркы Кедейкан жомоктогу Кедейканга окшоп казынадан элге бербестен элден алганга умтулуп жатканын, ал эми “Де-факто” гезити азыркы замандын Кедейканына жардам чогултуу акцмясын баштаганын, айтор Кедейкан заманынын аягы кандай бүтөрүн келечек көрсөтөрүн баяндаган.

Гезит муну менен катар эле “Кыргыз жүрүш” деп аталган макаласы аркылуу Бакиевдин кадрдык саясатын иликтөөгө алган. Президент Германияда дарыланып жүргөн кезинде деп жазат ал, А. Мадумаров, Д.Үсөнов, Ү.Сыдыков алдыдагы шайлоого даярданып жаткандыгы тууралуу маалыматты ММКлар таратып жибергенин, бул топтун партиясында И. Исаков менен Нур уулу Досбол дагы барын, демек булар биригип кетсе чоң күч болорун билген бийлик, тигилерди чечүүчү кызматтарга жеткирбөө жүрүшүн жасаганын, маселен өзбир тууганын өзүн коргоо башчысы кылып дайындаганы эле коопсуздук өтө коркунчтуу чекке жеткенин билдирерин, айла кеткенде “өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт” принцибине өткөнүн, Бакиев тууган-уругуна катуу таяна баштаганын, анткени элден колдоо таппай, кошуна өлкөнүн башчыларына канчалык кошомат кылбасын иш бүткөн соң сыртын салып коюшарын, А. Тагаевди спикерликке алып келгени жөн жерден болбогонун, себеби башкаларга түк ишенбесин, акжолчулардын дээрлик бардыгы сатып баса берүүгө даяр тургандыгын Бакиев жакшы билерин, айтор бийликтин “бүгүнкү күндү жашайлы, эртеңкисин дагы көрөбүз” болуп калганын жазды.

“Бул бийлик Кокон хандыгын түзүүгө өттү. Тилекке каршы К. Бакиев жакындарынын, үйбүлөсүнүн барымтасында калды. “Үйбүлөлүк башкарууну жоем” деп өзү айтты эле, ошого жетпей калды”. Бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитине жогорудагыдай сөздөр менен маек курган “Социал-демократтар” партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин көлөмдүү интервьюсу басылды. Атамбаев ал интервьюсунда Акүй тараптагы кызматка барбай тургандыгын, азыркы бийлик демократиялык мамлекет түзүүнүн ордуна Кокон хандыгын түзүүгө өткөнүн, анын бир мисалы катары жыл башында чоң атка минерге өлгөн адамдын кесилген кулагы менен сөөмөйү жөнөтүлгөнүн эске салып, мына ушуну президентке жакын адам жасаган деп ачык эле айтып жүрүшкөнүн, бул зөөкүрдүк академик Акаевдин ыкмаларына окшобой, 200 жыл илгерки Кокон хандыгынын жапайы, варвардык, феодалдык ыкмаларына окшоп жатканын, Кыргызстанды башкарып жаткан адамдарды бул жакшылыкка алып барбастыгын, Акаев кетсе эле оңолуп кетебиз деп чоң ката кетиргендиктерин, көрсө эң биринчи Кыргызстанда системаны оңдоо зарлдыгын, Акүйдө бардыгын президенттин админстарция башчысы М. Садыркулов чечет дегенге макул эместигин, эгер баарын Медет мырза чечкенде мындай олуттуу кызматка Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев келбей тургандыгын, 2010- жылда боло турган президенттик шайлоого өзү, өз партиячлашы Б. Бешимов жана башка дагы бирөө чыгышы мүмкүндүгүн, Жаныш Бакиев тууралуу сөзүндө Атамбаев, анын айлана-тегерегинде көптөгөн сөздөр барын, мисалы “матрешка-гейтти” бул кишигие түз эле байланыштырышканын, керек болсо ошондой көрсөтмө беришкенин, УКК нын ошондогу төрагасы Табалдиев кечирим сурап отставкага кеткенин, демек президент Бакиевдин айланасында ар кандай ушак-айың эрчиткен адамды жооптуу кызматка койгону туура эмес болгонун, тилекке каршы президент башка жолду тандап алганын, бул ката жол экендигин айтты.

Ушул эле гезит ушул жылдын 20-июнунда Бишкек ТЭЦин сатуу маселеси чечилерин... Өкмөт башчысы И. Чудиновдун буйругу менен УТРКдан кеткенден кийин бош жүргөн К. Молдокасымов “Кыргыз туусу” гезитине башкы редакторлукка дайындалганын, ага чейин башкы редактор болуп иштеген Жедигер Саалаев эч кандай түшүндүрмөсүз эле бошотулганын, “Транспаренси интернешнл” эларалык уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө коррупция өтө терең тамыр жайган өлкөлөрдүн саны 183 болсо 157-болуп Кыргызстан өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турарын, муну өкмөт башчысы И. Чудинов да моюнга алганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG