Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Амирбек Усманов, Прага Бүгүн Ирландияда Лисcабон келишими боюнча жалпы элдик референдум болот. Лиcсабон келишими - Евробиримдик менен уюмга мүчө 27 мамлекеттин мамилесин аныктоочу документ. Ирландиялыктар 490 миллион элдүү биримдиктин калкынын бир процентине барабар. Бирок, алар референдумда «жок» деп добуш беришсе, саясый демилгечилердин көп жылдык мээнети текке кетип, Евробиримдиктин болочок саясый вазийпасын кеңейтүү токтойт. Мурда Франциянын жана Нидерландиянын эли жалпы европалык келишимди колдобой койгон.

Ирландияда өткөрүлгөн соңку бир сурамжылоого караганда, Евробримдик менен анын мүчөлөр арасындагы мамилени аныктоочу Лисcабон келишимине каршы добуш берчүлөр анын жактоочуларына караганда көптүк кылат. “Ïrish Times” гезитинин кабарчысы Марк Хеннесинин айтымында, премьер- министр Брайн Коэн башындагы өкмөт татаал келишимдин маанисин элге түшүндүүгө үлгүрбөдү. Ташбыйкаттоо иштеринин кеч башталышына мурдакы премьер Берти Ахерндин майда кызматтан кетүүсү да себеп болду. Ал эми келишимге «жок» дегендер кыштан бери түрдүү өнөктүктөрдү уюштуруп, маалымат каражаттарын да эптүү пайдаланышты, дейт Хеннеси:

- «Жок» дегендер куру доомат сөздөрдү, айрым учурда карама- каршылыктуу кептерди чубап, (келишимге каршы) өнөктүктү эптүү жүргүздү. Өкмөт келишимдин оң жактарын эле айткандын ордуна убактысынын көбүн каршы тараптын доомат сөздөрүн төгүндөп жана четке кагып өткөрдү.

Эгерде ирланд эли «жок» деп добуш берсе, Евробиримдик кандай айлага барышы мүмкүн? Мисалы, Франция тараптан Лисcабон келишимин колдобогон өлкө биримдиктен чыгуу жагын ойлош керек деген пикир айтылган. Бул ойду Евробримдиктин мүчөлөрү колдооруна Брюсселдеги Европа саясый изилдөөлөр борборунун аналитиги Марко Инсерти көп ишене бербейт. Ирландия келишимге каршы чыкса, ал үчүн өлкөнү жазалоо демократияга коошпойт, деп санайт Инсерти.

Мурда Нидерландия менен Франциянын эли келишимге каршы добуш бергенден кийин, улуттук парламенттер аны ратификациялоону убактылуу токтотушкан.

Марко Инсертинин баамдашынча, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө ирланддар Лисcабон келишимине «жок» деп айтышсын дегендер көп. Себеби, алар конституциядай баалуу документ тар чөйрөдө даярдалганына нааразы:

- Аларда демократиянын айрым маанилүү негиздери аткарылбады, келишимди иштеп чыгууга жарандар жетиштүү тартылбады деген сезим бар. Ошон үчүн алар көпчүлүк «жок» деп добуш берет деген үмүттө. Бул Евробримдиктин лидерлери ойготуучу соңку коңгуроо болмокчу.

Инсертинин сөзүнчө, көпчүлүк ирланддар референдумда «жок» деп добуш берсе, Евробиримдик «кеңири кызматташуу» деп аталган механизмди колдоно башташы ыктымал. Ага ылайык, уюм мүчөлөрү кайсы бир тармактарда кызматташуу үчүн өзүнчө топторго бириккенге жол коюлат. Же Лисcабон келишимине каалаган өлкөлөр гана кошулат. Ал эми Евробиримдиктин негизги институтарына кошулбаган мүчө өлкөлөр менен кызматташуу механизми кандай болот? Бул азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG