Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

ПРОФЕССОР СИДОРОВ: АЙТМАТОВ МЕНИН ДА ӨМҮР БАЯНЫМДЫН ҮЗҮНДҮСҮ


Муса Мураталиев, Москва Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу орусиялык оозунда кеби бар инсандардын ой-пикирлери менен тааныштырууну улайбыз. М.Горький атындагы адабий институттун профессору, Москвалык жазуучулар союзунун биринчи катчысы Евгений Сидоров, белгилүү жазуучу Фазил Искендер жана кийинки муундагы орус акыны Владимир Губайловскийдин пикрилери менен Москвадагы кабарчыбыз Муса Мураталиев тааныштырат.

Эсил кайран Чыкенин дүйнөдөн кайтышы орусиялык интеллектуалдар арасын кыйла дүүлүктүрүп койду. «Азаттык» үчүн берген чакан маегинде сынчы жана окумуштуу Евгений Сидоров мындай дейт:

Е.СИДОРОВ: - Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдон айрылуу – советтик, орус, кыргыз дегеле дүйнөлүк адабият үчүн аябагандай чоң жоготуу. Мен ал кишини абдан жакшы билүүчү элем. Анын китептери туурасында жазып келем. Биз кайсы гана жерде жолугушпадык: Парижде, Брюсселде, Бишкекте, Германияда... Кайда болбосун ал кубатту, эч кимге окшобогон кишинин дайыма окуучулары туш-туштан курчап турушканын көрүп жүрдүм. Анын «Обон», «Ак кеме», «Кылым карыткан бир күн», деги, ал эмне жазбасын бардыгы кишилерди ичтен толгонтуп ойго салчу эле. Эмне дегенде ал китептерде жашоонун, элдердин жана дүйнөнүн улуу чындыгы жаралып турат. Анын чыгармачылыгында улутук жана дүйнөлүк, жалпы адамдык өңүт мыкты чагылдырылган. Азыркы тушта ага окшош турмушту терең изилдеп жазган жазуучулар бардык эле элдерде жетишпей атканын айтар элем. Чынгыз Айтматов, демек, аябагандай ири турмуш, менин жеке турмушумдун да, менин жеке өмүр баянымдын да үзүндүсү дегендик. Ошондой эле анын китебин окушкан миллиондогон окуучулардын жашоо үзүндүлөрү бар, эмне дегенде ал китептерде жашоо чындыгы, өнөр чындыгы чагылдырылган. Мен Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун көзү өткөнгө байланыштуу абдан оор кайгымды билдирем.

Чыкенин чыгармалары кенен-чонон басылган «Новый Мир» журналында иштеген кийинки муундагы акын-жазуучу Владимир Губайловский болсо төмөнкүлөргө токтолду:

- Айтматовдун чыгармачылыгы иш жүзүндө баштан-аяк «Новый Мир» журналы менен байланышкан. Окуучулар Айтматовдун чыгармалары алар кийин кабылдашкандай болушу үчүн журналда иштеген жупуну редакторлор кыйла эле эмгектенишкен.

Айтылуу жазуучу Фазил Искендер «Эркин Европа» жана «Азаттык» үчүн айткан ой толгоосунда мындай дейт:

- Чынгыз Айтматов биздин кара сөз чеберлер ичинен эң мыктыларынын бири эле. Анын «Кош бол, Гүлсары!», «Ак кеме», «Жыл карыткан кылым», «Бирнинчи мугалим» сыяктуу чыгармаларын, так айтканда, бүткүл өлкө окуп чыккан.
XS
SM
MD
LG