Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

ЧЕТ ЭЛДИК БАСЫЛМАЛАР: АЙТМАТОВДОН АЙРЫЛГАН ДҮЙНӨ МӨГДӨП ТУРАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганы тууралуу суук кабар чет элдик басылмаларда да байма-бай жарыяланууда. Залкар инсандын жашап өткөн өмүрү, көөнөрбөс мурасы эскерилип, мөгдөп жоктолду.

“Кыргыз, жазуучусу, советтик жазуучу, дүйнөлүк классик оо дүйнөгө кетти..”, деп башталат дээрлик бардык макалалар. Аларда Чыңгыз Айтматовдун артына калтырып кеткен маданий мурасы талданып, дүйнөлүк маданияттагы орду толгус жоктолууда.

«Ассошиейтед пресс» маалымат агенттиги улуу инсанды жоктоп жазып, француз жазуучусу Луи Арагон Айтматовдун “Жамийласын” – сүйүү тууралуу эң мыкты баян катары сыпаттаган эле деп жазат.

БиБиСи дүйнөлүк кызматы маркум Чыңгыз Айтматов 80 жылдык мааракесине аз гана ай калган эле, деп жоктойт. Анын серепчиси Чыңгыз Айтматовдун “сүйүү – бул жашоонун анык турмуштук күчү” деген сөзүн да мисал келтирет жана кыргыз жазуучусунун чыгармаларында автордун жаратылыштын бир бөлүгү деп сыпатталган адам баласына болгон сүйүүсү кашкайып көрүнүп турганын айтат.

Германиядан Константин Куц “Взгляд” Интернет сайтындагы макаласында Советтер Союзунун тушунда Айтматов эң эле таанымал жазуучулардын бири эле дейт.

Куц немис маалымат каражаттары Айтматовдун дүйнөдөн кайтканын кабарлап жатып, кыргыз жазуучусунун чыгармалары өз мекенинде эле улуу уламышка айланып тим болбостон, дүйнөнүн жүз элүү тилине которулганын, окурмандарын тез эле таап колдон түшкүс, баалуу чыгармаларга айланганын баса белгилешкенин айткан. Германияда Айтматов өтө таанымал болгонун, мурдагы Германия демократиялык республикасында анын “Жамийласы” мектепте окуу программасына милдеттүү киргизилгенин эске салат.

Өткөн жылы Германия менен Швейцарияда анын жаңы чыгармасын окуу иш-чаралары өтө ийгиликтүү өткөн. Эл аралык китеп жарманкесинде Айтматовдун кол тамгасын алууга ашыккандар быкпырдай жайнап, кыргыз жазуучусуна атайын кененирээк жай бөлүнгөн эле дейт Константин Куц өз макаласында.

Ал эми “Полит. ру” деген Интернет сайтта жарыяланган көлөмдүү макала Орус Думасынын маданият боюнча комитетинин төрагасы Григорий Ивлиевдин пикирине орүн берген. Ивлиев Айтматовдун дүйнө салышы жалпы дүйнө маданияты үчүн чоң жоготуу болгонун айткан.

Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат каражаттары дагы улуу жазуучунун кайтыш болгонуна катуу кайгыра, басылмаларынын баш макаласы катары Ч.Айтматовду эскерген макалаларын басып чыгышты. Маселен, Түркиянын эл аралык “Заман” гезити “Кош бол Чыңгыз ата” деген макала басып чыгып, түрк дүйнөсү, дегеле адамзаты зор инсанынан айрылганын жазышты.
XS
SM
MD
LG