Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

12:05 Дүйнөлүк коомчулук Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кайтыш болгондугуна көңүл айтууда


Залкар жазуучунун үйбүлөсүнө жана жакындарына, Кыргызстандын президенти Бакиевге көңүл айтуулар Азербайжан президенти Ильхам Алиевден, Казак президенти Нурсултан Назарбаевден, Тажик президенти Эмамоли Рахмондон, Өзбек президенти Ислам Каримовдон, Татарстан президенти Минтемир Шаймиевден, Татарстан мамлекеттик кеңешинин төрагасы Фарид Мухаметшинден, орусиялык белгилүү адабият ишмерлери Евгений Евтушенкодон, Виктор Ерофеевден, Михаил Веллерден, Феликс Кузнецовдон, мурдагы СССР президенти Михаил Горбачевдон, Франция тышкы иштер министри Бернар Кушнерден, Орусиянын муфтийлер кеңешинен, Орусиянын маданият министрлигинен, Абхазиянын жана Азербайжандын жазуучулар кеңешинен, Эларалык орус тилдүү жазуучулар федерациясынан жана дүйнөнүн ар кыл тарабындагы белгилүү адамдардан, уюмдардан келүүдө.
Мурдараак расмий көңүл айтуу Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен премьер министр Владимир Путинден келген. (GA)

XS
SM
MD
LG