Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

М.КАРАТАЕВ: БЭЭНИН СҮТҮ ИЧЕГИГЕ АБДАН ПАЙДАЛУУ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев -бээнин сүтүнүн пайдасы тууралуу “Азаттыкка” чакан маек куруп берди.

- Мадамин мырза, биздин бул маселе боюнча кайрылганыбызга өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл бээнин сүтүн ичип, ден соолугун чыңдагысы келген адамдардын санынын өскөндүгү жана ага жараша бээ сүтүнүн кымбатташы себеп болду. Сиз адегенде дарыгер катары бээ сүтүнүн жалпы пайдасы жана кайсы убакта, кандай өлчөмдө ичүү зарылдыгы тууралуу алгач маалымат берсеңиз?

- Бээнин сүтүнө акыркы беш жылда өтө кызыгуу пайда болду. Мен дарыгер катары айтып кетейин, биринчиден бээнин сүтү сосудистый стнекаларды бекемдейт. Экинчиден, антиакцидант катары анын таасири өтө чоң. Үчүнчүдөн, азыр биз айтып атабыз акыркы убактарда өзүңүздөр билесиздер, бул же литературный источниктин жетишпегендигиби, же илимий изилдөөлөрдүн бардыгы массалык түрдө өтпөгөңдүгүнөнбү элге көп жайылган жок. Мен айтып кетейин дегеним, Кыргыз медицина академиясынын кафедра башчысы, хирургия жана топографиялык анатомия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бектуров Жапар Турсуналиевдин айтканына, изилдөөлөрүнө таянсак, бээнин сүтү негизинен ичегиге өтө чоң таасири бар. Мунун эң негизги себептеринин бири жоон ичеги адамдарда 1-1 жарым метр болот. Ички ичеги 3-5 метр болот. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, бул ичеги кандай узун. Бирок ошонун складкалары болуп калат. Ошон үчүн бээнин сүтү ошол складкаларда сакталып калган шлактарды, аллергендерди чыгарып, ошого таасир кылып, функцияны күчөтөт. Биз тазалоо деп атабыз, ушул тазалоо боюнча аллергиянын себебин таппай атабыз. Бээнин сүтү гидротерапия катары тазалоо катары негизги роль ойноп атат.


- Атайын медициналык дарылоо менен бирге ушул элдик дарылануу же дене менен ичтейди тазалоо ыкмасын өкмөттүк деңгээлде өз маалында уюштуруу боюнча мамлекеттик деңгээлде атайын программаларды иштеп чыгуу, анын алкагында дүйнөгө маалымат жайылтуу, чет өлкөлүк туристтерди тартуу зарыл го, министрликте ушундай идея жокпу?

- Туура айтасыз, министрликте мындай идея бар. Негизинен министрлик традициялык болобу, башка болобу, бирок биз акыркы убакта далилденген медицина деп атабыз. Ошон үчүн мен окумуштуу катары айтайын дегеним, биз ошону далилдеп, мынча адамдын ден-соолугун карадык, ичкенге чейин мындай эле, ичкенден кийин мындай таасир кылды деп туруп илимий негизге так дилдеп чыккандан кийин айтышыбыз керек дозасы, башкасы боюнча.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG