Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу аракеттери тууралуу “Азаттык” үналгысы академик Жамин Акималиев менен чакан маек курду. Cүрөттө Ч.Айтматов 50 жаш курагында.

- Мына кыргыздын аска тоосундай инсаны Чынгыз Айтматовду жоготуп олтурабыз. Анын орду толгус, бирок артында калтырган интеллектуалдык руханий мурасы кыргыз эли гана эмес дүйнө элинин мурасына айланат деген ойдобуз. Бирок, анын ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн бүгүнтөн тарта кандай аракеттер зарыл деген ойдосуз?

- Чыкемден ажырадык, аны башыбызды ташка урсак да кайра келтире албайбыз. Ал киши арабыздан өтүп кетти. Азыркы бийликтин, жалпы коомчулуктун максаты жана ыйык милдети Чыкемдин жаркын элесин, анын таштап кеткен эмгектерин, мурастарын келечектеги урпактарга калтыруу жөнүндө конкреттүү иш чараларды көрүш керек.

- Маселен кандай чаралар?

- Биринчи милдет Чыңгыз Төрөкуловичти акыркы жолго узатууну дүйнөлүк деңгээлде өткөрүш керек. Бул жөнүндө биздин президентибиз жакшы жарлык кабыл алыптыр. Анда баарысы көрсөтүлгөн. Ал киши ооругандан баштап Курманбек Бакиев жакшы камкордук көрүп жатат. Бул жерде менин бир гана өкүнүчүм, Чыңгыздай киши кыргызга дүйнөгө төрөлбөйт. Башка киши төрөлүшү мүмкүн, бирок Чыңгыз Айтматовду экинчи кайталоо болбойт. Чыңгыздан эч нерсени аябаш керек. Ошон үчүн жакшы мамлекеттик комиссия түзүлгөн экен ушул кишини узатуу боюнча. Ушул комиссиянын башында мамлекеттин башчысы-президент өзү болуп калганда талапка ылайык болмок. Ал эми мамлекеттик катчы орун басары болсо болмок. Ушул жерден гана кичине бир аз кемчилик болуп турат.

- Быйыл Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу мектептерде анын чыгармаларын окуу, үйрөнүү иш-чаралары жүрүп жатат. Бирок, мен журналист катары бир нерсеге күбө болдум, Айтматовдун кыргыз тилинде чыккан китептери жетишсиз, айрыкча айылдарда жок экен. Азыр көркөм адабиятты окубай бараткан жаштарыбыз жазуучунун китебин тааныбаса, бара-бара өзүн унутушаары ажеп эмес. Ошон үчүн тез арада мамлекеттик деңгээлде кандай иш-чаралар зарыл деген ойдосуз?

- Бул абдан туура. Себеби бул кишинин көзү өтүп кеткен соң артында китептери окулбай калса бул киши бат эле унутулуп калат. Туура бул кишинин чыгармалары көп тилдерде абдан көп тираждарда, бирок кыргыз тилинде башынан эле абдан аз, сапатсыз чыгып келген. Ошондуктан биздин бийлик тез аранын ичинде ушул кишинин элесин жакшы сактайбыз десек, ушул кишинин чыгармаларын, көркөм чыгармасын окуу курал жарак катары өздөштүрүп, Кыргызстандын мектептерине, борборлоруна жеткириш керек, антпесе болбойт.

- Эми Айтматовдун жолун улантуучулардын муунун улуттук деңгээлде тарбиялоо зарылдыгы барбы, эгер зарыл болсо аны ишке ашыруу боюнча сизде кандай идеялар бар?

- Сөзсүз зарыл. Ага убакыт керек. Айтматовдун турмушунун өрнөгүндө, бул кишинин чыгармалырындагы каармандарынын элесинин арты менен биз далай муундарды тарбиялашыбыз керек. Биз улуттук идеологияны айтып атпайбызбы, издеп таппай, мына Чыңгыздын өткөн өмүрү, бул кишинин калтырган мурасы кадимки кыргыздын улуттук идеологиясы. Мына ушундан баштап ушунун артынан иштерди жүргүзүшүбүз керек. Экинчи дагы айтайын дегеним, мына айтып атышат Чыкем өзү мурас калтырып кагаз жазып кетиптир деп. Мен көп түшүнбөй атам, эмне үчүн Чыкемдин сөөгү Чоңташта, Бишкектен 15 км. алыс жердеги тоонун башында жалгыз коюлуп калыш керек. Мунун бир жери Чыкем тирүү кезинде элди аралап жүргөн элдик киши, эми көзү өткөн соң алыс тоого таштап коюп, эл кантип барат, эл ага кандай таазим кылат. Менин оюмча ал киши мурас калтырса дагы байкап көрүш керек го. Шаардын ичинде Алаарча деген көрүстөн турат, ал жерде кыргыздын залкар уулдары, кыздары жатат. Элге барып көрүп турганга ыңгайлуу. Менин оюмча, Алаарчага эле көрүстөнгө бул кишинин сөөгүн койгондо туура болот. Чыңгыз Айтматовдун аты өчпөй, эл дайыма барып туруш керек. Себеби Чоңташка кыйын турмушта атайын барыш керек, андай шарт кээде болбой калат. Ушуну дагы ойлонуп көрсөкпү деген ойдомун.

- Балким 37-жылы репрессияга кабылган кыргыздын мыкту уулдары жаткан жерге өзүнүн сөөгүн коюлушун Чыңгыз Айтматов өзү балким каалагандыр. Ошондой маалыматтар айтылып жатат. Эми ошол жерде кыргыздын улутунун сыймыгы болгон адамдар жаткан жерге ызаат көрсөтүү каадасы калыптана турган жер катары эгер иш чаралар көрүлсө ошондой болуп калышы мүмкүн да?

Туура, мен бул жерде чоочулаганым, бул 15 км. алыс жердеги курулган имараттар болобу, эстеликтер болобу, өзгөчө Чыкемдин сөөгүнүн сакталышынын коопсуздугун ойлонушубуз керек. Бул абдан чоң маселе. Бул өзү Атабейит болгону менен элдин көпчүлүгү бара албай атат ошол жака. Жылда бир барса барат. Чыкемди алыс коюп койсок, коопсуздук маселеси, өзгөчө эл менен байланышы алыстап кетип атпайбы. Ушуну жакшылап ойлонсо болот эле деген ойдомун.

- Демек өкмөт кандайдыр бир деңгээлде анын сөөгүн дагы кайтарууга алыш керек деген ойдосузбу?

- Чыкемдин сөөгүн сактоо коопсуздугу өтө чоң маселе, өтө алыс жерде калып атат. Муну эмитеден ойлонуш керек. Ошон үчүн эгерде сыйлай турган болсок, Алаарча көрүстөнүнө, элдин арасына коюп туруп барып турсак, таазим кылсак жакшы болот эле деп ойлойм.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG