Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү жардыгы менен дене тарбия жана спорт, жаштар,балдарды коргоо боюнча өкмөт алдындагы агенттиктигин жетектеп келген Бектур Асанов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Ал эми Бектур Асановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүүгө өлкө башчысына арыз жолдогон. (AJ)