Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

16:50 Өзбекстанда кармалып турган Алабукалык эки милиционерди бошотуу аракети көрүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Өзбекстандын Чартак районунда 4-июндан бери камоодо жаткан Алабукалык милициянын эки кызматкерин тезинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп Акыйкатчы президенке, өкмөт башчыга, башкы прокуратурага, ИИМге кат жолдогон. “Президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов бул маселе боюнча тиешелүү органдар активдүү иштеп жатышканын белгилеп, жакын арада эки милиционер бошотуларын билдирди”,-дейт Акыйкатчы. Ал ошондой эле бул маселе боюнча Өзбекстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кат жолдогонун кошумчалады. ИИМдин маалымат кызматынын маалыматына караганда 4-июнда кызматтык тапшырманы аткаруу үчүн Алабукадан Чартак району аркылуу Жалалабат шаарына бараткан милициянын эки кызматкерин кыргыз чегарасына жакын калганда өзбек УККсынын кызматкерлери түшүнүксүз себептер менен артка кайтарып, Чартак РИИБисине алып барышкан. РИИБинин өкүлдөрү УКК басымы астында кыргыз милиционерлеринин үстүнөн “мас абалында кармалды, жол эрежесин бузду” деген жасалма айып таккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG