Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

17:08 Нарын облустук драма театры электр жарыгысыз иштөөдө


Нарын облустук Муратбек Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрына электр энергиясын берүү токтотулган. Натыйжада театрдын маданий иш планындагы иш-аракеттер үзгүлтүккө учуроодо. Мындай маалыматты театрдын деректири Абдыкадыр Жакшылыков бүгүн билдирди. Учурда театр боюнча электрге болгон дебитордук карыз 237 миң сомду түзгөн. Электрге болгон карыз мурда облустук каржы башкармалыгы аркылуу өз ара эсептешүү жолу менен чечилчү. Быйыл каржылоо маданият министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Биз тиешелүү органдарга кайрылып, натыйжалуу жооп ала албай жатабыз, дейт Абдыкадыр Жакшылыков. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG