Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Далай Лама Бээжин менен расмий сүйлөшүүгө барышы ыктымал


Тибеттик бутпарастардын рухий жолбашчысы жана бозгундагы өкмөт башчысы Далай Лама расмий Бээжин менен сүйлөшүү келээрки айда кайра жанданышы күтүлүп жатканын бүгүн билдирди. Далай Лама, ошондой эле, өз тарапкерлерин Бээжиндеги быйылкы жайкы Олимпиадага кедерги болбоого чакырды. Бозгундагы Тибет өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү быйыл май айында өз ара жолугушкан. Ушул тапта Сидней шаарында сапарда жүргөн Далай Лама расмий Бээжинге Тибетке кеңири автономиялык макам берүү талабын коюуда.

XS
SM
MD
LG