Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Чыңгыз Айтматовдун жарыкчылык менен кош айтышканын угуп, көңүл айткан билдирүүлөр расмий бийлик өкүлдөрүнө, маркумдун жакындарына арбын түшүүдө. Казакстан, Өзбекстан, Айастан, Украина президенттери Ч.Айтматов дүйнөлүк деңгээлдеги эң ири сүрөткер, даанышман ойчул экенин эскеришип, маркумдун жакындарына көңүл айтып коюуну өтүнүшкөн. Ушундай эле аза кайгысын Германиянын тышкы иштер министри да билдирген.

Ч.Айтматовдун кийинки өмүрүнүн кыйла жылы Европада өттү. Жазуучунун роман, повесттерин өзгөчө кастарлаган Алмания өлкөсүнүн тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штейнмайер мырза Ч.Айтматов турмуштун социалдык-саясий өңүтүн жасалмалабай ачык көрсөткөн, окурмандары менен сыр жашырбаган агедил жан эле деп эскерген.

Алманиядан иш боюнча Кыргызстанга келип убактылуу отурук алган Олаф Хейделбах Ч.Айтматов өз өлкөсүндөгү өзгөчө таанымал адам болчу деген пикирде.

- Кыргызстанда өтө белгилүү болуу автоматтык түрдө саясий фигурага айлантып жиберет. Ошондон мен бул жерде калса ал кимдир бирөө айткандай президент болушу мүмкүн эле деп ойлойм. Мүмкүн ал саясатка аралашкысы келбегендир. Мен аны билбейм. Албетте, Европа турмушу кыйла жеңил, анын үстүнө тынчыраак.

Артында ополтоодой эмгек калтырган улуу сүрөткердин өмүр-жашы минтип түгөнүп, бүтүрүүнү көздөгөн канча чыгармалары жазылбай калды. Ошондой кенен эпикалык мейкинди камтычу айтылуу “Кайрылып куштар келгиче” бүтпөй эле калды. Ким билет, сүрөткердин убакты-сааты жетишсе көптөрдү үмүт кылган жаңы эпос жаралып калар беле. Эми ал тууралуу арман-асиреттүү гана сөз айтып калдык. Белгилүү ишкер Разак Сайдилканов көпчүлүк күткөн ири чыгарма улут турмушунун урунт мерчемин чагылдырышы мүмкүн эле.

- Ошол кыргыздын эпикалык маданиятындагы ири чыгарма “Манас” десек, кыргыздын жазма aдабиятында ошондой эпикалык чыгармага муктаждыгы бар. Мына ошондой эпикалык чыгарманы жарата турган, чабыты кенен дейбизби, потенциалы жетиштүү дейбизби, ошондой киши болчу. Бирок биз үчүн, мен үчүн армандуу нерсе – ошону жазбай кеткени.

Ч.Айтматов социализм заманы сталиндик өкүмзорлуктан бираз кутулуп, азыноолок саясий боштондукка жол ачылып калган чакта эң мыкты чыгармаларын жаратты. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Жусуп Пиримбаев Ч.Айтматовдун гумандуулугу, бийик адамгерчилиги мына ушул кысталыш учурда көрүнгөнүн белгилейт.

- “Эл душманынын баласы” деген жүктү көтөрүп жүрүп, анан ошол системага кызмат кылып, ошол системанын аброюн көтөрүп, анан акырындык менен ал системаны адамгерчилик салтына алып келе турган нерсеге аракет кылды. Бирок мындайда пендечилик деген болот. Адамдардын көбү аны түшүнбөйт экен. Эми мындан буякка көбүрөөк түшүнүшөт го. Бирок бүгүнкү күндө айтылчу негизги нерсе Чыңгыз менен кыргыз түшүнүгү деп айтылып калган сөз, менин оюмча азыр так сезилип турат.

Өкүмзор бийликтин тарыхта калтырган каратагын кийинки муундарга эскертип турчу “Атабейитке” Ч.Айтматовдун сөөгү коюларын президент К.Бакиев кечээ күнкү кайрылуусунда ырастады.

- Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү өзүнүн атасы, кыргыздын көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлеринин бири Төрөкул Айтматов түбөлүк жай алган “Атабейит” мемориалдык музей комплексинде коюлат. Бул ыйык жайга “Атабейит” деген атты бир кезде Чыңгы Айтматов өзү ыйгарган эле.

Ч.Айтматовдун кийинки өмүрү анын артында калган чыгармаларында улантылмакчы. Ал эми анын чыгармаларында козголгон проблемалардын, ойлордун түбөлүктүүлүгүн мезгил өзү аныктамакчы.
XS
SM
MD
LG