Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Көптөн бери маалымат каражаттарына чыкпай калган Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кечээ “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берген. Интервьюнун экинчи бөлүгүн сунуштайбыз.

Төрөкул Дооров:- Аскар мырза, азыр сыртка туруп өлкөдөгү абалга байкоо жүргүзүп атсаныз керек, кандай ойлор келип атат?

Аскар Акаев:- Байкоо жүргүзгөн менен, өлкөдө эмне болуп жатканы алыстан анча байкалбайт. Аны ичинде аралашып жүргөндөр тагыраак айта албаса, мен алыстан айтканым анча туура болбойт го.

Төрөкул Дооров:- Азыркы президент Курманбек Бакиев жөнүндө “Акаевдин каталарын азыр Бакиев кайталап жатат” деген өңдүү сөздөр айтылып калат. Буга сиз кандай карайсыз?

Аскар Акаев:- Эми кимдин катасы кандай экенин президенттин жанында туруп, жакшылап байкап, көрүп, салыштырып жаткан саясатчылар тагыраак жооп бере алышат го. Өзүң билесиң, мен өткөн жетекчилерге дагы эч качан таш ыргытып, сын-кеп айткан эмесмин. Менимче, бакубат турмушка жетебиз деген эл өзгөчөгө алдыга умтулуп, бийик максаттарды коюп, ошого жетишиши керек. Анан өткөн-кеткенге көбүрөөк көңүл бурган эл эч качан бакубат турмуш кура алган эмес, бул - дүйнөнүн тарыхы. Ошондуктан мен мындай суроолорго анча деле көңүл бургум келбейт. Мына, Чыңгыз Айтматовдой бийик максаттарды коюп, элди алдыга, келечекке жетелеш керек, жакшы турмушка, кемчиликтерди жоюуп, жакшы жетишкендиктерге умтулуш керек, менимче. Кыргыз элинин ичинде татыктуу адамдар көп, алар дагы мүмкүнчүлүк алышат деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Аскар мырза, соңку кездерде сизди экономикалык абалдарды изилдеп, өткөөл мезгилдеги жана кризистик учурдагы экономика боюнча илимий эмгектерди жазып жатат деп угуп жүрөбүз?

Аскар Акаев:- Мен өзүм азыр математика институтундамын. Бирок экономика менен акыркы 15 жыл президент катары байланышып, терең изилдеп, терең иштегендиктен, сөзсүз аны унута албайм. Ошондуктан мен кез-кезде экономикалык темаларга изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалаларды жазып жүрөм. Азыр жалпы дүйнө боюнча мамлекеттер үчүн кризистен өтүү жолуунун маанилүү жолдорунун бири катары инновация деген абдан маанилүү жол каралып жатат. Мына, Орусия азыр инновация жолуна түшүп, инновациялык экономика курабыз деп жатат. Азыр Орусия ушул жолдо абдан жакшы баратат. Владимир Путин президент кезинде “Орусия инновациялык жолго түшүшү керек”, - деп жарыялады эле, азыркы президент Дмитрий Медведев да ошол жолду колдоп, өкмөт менен бирге жакшы иштеп жатышат. Менимче, Орусия 2010-жылда күтүлүп жаткан кризистен инновациялык жол менен чыгып кетишине жакшы мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми чакан мамлекеттер үчүн кандай жол бар? Чакан мамлекеттер үчүн деле башка жол жок. Бирок инновациянын өзүнүн чакан мамлекеттерге ылайык келген ыкмалары бар. Мына ошолор жөнүндө да мен кичинекей илимий макала жарылап жатам. Ушул жолдорду издеш керек, ошолорду пайдаланыш керек. Анан сөзсүз кризистер саясат менен, бийлик менен тикеме-тике байланышта, аны ажыратып кароо мүмкүн эмес. Эгер бийлик начар болсо, кризис ошончолук тереңдеп, катастрофага айланып кетиши мүмкүн. Эгер бийлик жакшы болсо, мына, Америкада 30-жылдардагы кризистен Ф.Рузвельттин эң акылман саясаты алып чыгып кетти. Ошондой эле түзмө-түз байланышы бар сөзсүз.

Төрөкул Дооров:- Ал эми Кыргызстандагы бийликтин бүгүнкү аракеттерине кандай баа берет элеңиз? Кризистик абалдан чыгуу үчүн кыргыз бийлиги көрүп жаткан аракеттерге кандай баа бересиз?

Аскар Акаев:- Акыркы жылдары мен өзүм илимий ишке көбүрөк бетме-бет киришип, саясаттан алыстап кеткем. Ошондуктан мен азыр бийликке эч кандай баа бергим келбейт. Эл бар, эл өзү таразалап, өзү, менимче, эң так, туура баасын берет ар дайым.

Төрөкул Дооров:- Аскар мырза, сиз өзүңүз эч нерсеге өкүнбөйсүзбү?

Аскар Акаев:- Жок.

Төрөкул Дооров:- Балким бир нерсени мындай эмес, тигиндей кылсам болмок эле деген ой келбейби?

Аскар Акаев:- Мен өзүм өткөнгө өкүнгөн адам эмесмин. Менин идеологиям өзү буддизмге жакын. Мени буддисттердей эч качан өткөн-кеткен нерсе өкүндүрбөйт, артка карабайм. Мен өзүм бийликтен кетээр замат, кайра өзүмдүн сүйүктүү илимий изилдөө иштериме киришкем, математика, физика, Кудай буюрса, али чыгармачылык күч бар. Ошондуктан азыр мен аябай берилип иштеп жатам. Азыр бир топ иштерди жараттым. Чоң китеп жазайын деп атам. Пландарым көп. Ошондуктан мен өкүнүп, кайгырып, капаланганга убактым да жок, көңүл дагы бурбайм. Дагы бир жолу, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айткым келет, биздин саясатчыдардын бир чоң кемчилиги - ар дайым өткөн-кеткен менен гана жашайт. Мен Совет доорунан эле бир нече мисалын келтиргим келет, эмне үчүн Н.Хрущевдун реформалары ишке ашкан жок? Себеби, Н.Хрущев өзүнүн өткөн жетекчиси И.Сталиндин иштерин талдап, жамандап, изилдеп олтуруп, ошону менен аягы эмне менен бүткөнү белгилүү. Андан кийинкилер Н.Хрущевду жамандап отуруп, иши белгилүү. Бул - эң жаман адат. Өткөн совет калкынын эң начар касиети, адаты ушул болчу. Сонун каситтерибиз болгон. Мына, Горбачев адегенде абдан жакшы баштап, совет элинин алдына эң чоң илимий-техникалык модернизация, жаңы идеологияык революция максаттары менен келип, бирок элди бүт өткөн-кеткенге буруп койду, анан элдин башы ошону менен өткөн-кеткенди изилдегенге кетти.

Ошол эле учурда алдыга умтулган элдер, азиянын элдери, тигрлери, алар тескерисинче, келечекке чоң бийик максатты коюп, ошого жетиштин аракетинде элдин көңүлүн, талантын, энергиясын келечекке буруп жатышат. Ал эми биздин саясатчылар бүт артка буруп, ошону менен майда-чүйдө ушак, эмне болгон, кандай кемчилик кеткенин изилдеп, бүт энергиябыз ошого кетип атат. Ошон үчүн жакшы турмушка жете албайбыз, ийгиликтүү эч бир реформа жасай албайбыз. Ошондуктан мен дагы бир жолу элибизге, саясатчыларга айтаар элем, келечекке алдыга умтулуш керек. Мисалы, эсиңде болуш керек, мен эч качан 90-жылдарда Т.Усубалиевдин, А.Масалиевдин башкаруусу эмне болгон деп, элдин, коомчулуктун пикирин артка бурган жокмун. Эки аксакалды терең сыйлап, ордендеримди берип, аксакал деп урматтап, Чыңгыз агага өзгөчө мамиле жасап, ардайым Совет доорунун жакшылыктарын айтып, бирок элди жаңы доордо жакшы турмуш куралы деген аракетимди жасадым, ошого бүт күчүмдү жумшадым. Менимче, биздин саясатчылар жогорудагы кемчиликтеринен арылышы керек.

Төрөкул Дооров:- Маегиңизге ырахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG