Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

8:09 Кыргызстан эртең улуу уулун акыркы сапарга узатат


Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен коштошуу жөрөлгөсү эртең Улуттук филармонияда, андан кийин борбордук “Алатоо” аянтында өтөт. Бул күн өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланган. Коштошуу жөрөлгөлөрү бүткөн соң улуу жазуучунун сөөгү Бишкектен 20 чакырымдай түштүк тараптагы “Ата бейит” мемориалдык музей комплексине коюлат. Бул жерде 1938-жылдагы Сталиндик репрессия курмандыктарынын, алардын арасында жазуучунун атасы Төрөкул Айтматовдун да сөөгү бар. Чыңгыз Айтматов быйыл жыл этегинде 80 жашка толмок. Буга байланыштуу Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланган. Президент Курманбек Бакиев улуу жазуучунун дүйнө салышына байланыштуу өлкө калкына жасаган кечээки кайрылуусунда бул даңазалуу датаны татыктуу майрамдоо боюнча белгиленген иш-чаралардын баары күчүндө калаарын жана алар эми маркумдун жаркын элесине арналаарын белгиледи.(SM)

XS
SM
MD
LG