Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

9:45 Заманыбыздын залкары Ч. Айтматов менен коштошуу аземи Улуттук филармонияда өткөрүлөт


14-июнда эртең мененки саат тогуздан он бирге чейин шаар тургундары, мекендештери жазуучунун сөөгү жаткан табытка таазим кылып өтүшөт. Элдин көптүгүнөн убакыт узарып да кетиши мүмкүн, деп билдирди Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн парламентте. Анын айтымында, жазуучунун табытынын жанына анын 45 сыйлыгы, 200 гүл чамбар коюлушу күтүлүүдө. Ч.Айтматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты филармониянын алдында өткөрүлөт. Андан соң табытты “Ала тоо” борбордук аянтына алып барып, мамлекеттик туу түшүрүлүп, бир азга аза күтүүдөн кийин Байтик көчөсү аркылуу “Ата бейитке” алып барышат. Мемориалдык комплекске адамдарды ташуу үчүн 130 автобус уюштурулду, дейт Исабеков. (AJ)

XS
SM
MD
LG