Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

АКШнын ЖОГОРКУ СОТУ ПРЕЗИДЕНТ БУШТУ КАЙРАДАН КОЛДОГОН ЖОК


Амирбек Усманов, Прага Террорчулук кылды деп шектелип, Гуантанамо түрмөсүндө жаткан чет элдик туткундар АКШнын жарандык сотуна кайрылып, ишин кароону талап кылууга акылуу. Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун бейшемби күнкү бул чечими- Ак Үй администрациясынын терроризмге каршы күрөшүү саясатына карыш келет. Президент Буштун командасы «ал- Каидачы» жана талибан деп шектелип, туткундалган адамдарды кармоо боюнча мыйзамды өзгөртүүгө кайра аракет кылышы мүмкүн.

Бир нече жылдан бери президент Буштун администрациясы Гуантанамо абак жайында отурган адамдарды душмандын мыйзамсыз аскери, ошон үчүн аларда согуш туткуну болууга укугу жок деп актанып келди. Эларалык эреже боюнча согушта колго түшкөн адам өз өлкөсүнүн аскер кийимин кийип жүргөн болуш керек. Гуантанамо туткундары колго түшкөндө алардын аскерий формасы болгон эмес.

Буштун кеңсеси туткундарды кадыресе жаран деп да санабайт. Ошон үчүн, алардын жарандык сотко кайрылып, өз укугун коргоосуна буга дейре уруксат берилбеген.

Азыр Гуантанамо абагында 250дөн ашуун адам бар. Аларга эч кандай айып тагыла элек. 80дей тутукун 2001- жылдын 11- сентябрындагы террордук чабуулдарга катыштыгы бар деп шектелүүдө. Кээ бирлери алты жылдан бери отурат. Бир кезде туткундардын саны 600гө жеткен. АКШ өкмөтүндө айрым туткундарды терроризмге каршы согуш бүтмөйүнчө абакта кармоо ниети бар.

Бейшемби күнү АКШнын Жогорку Сот кайрадан Гуантанамо абагынын туткундары Американын сотуна кайрылууга укуктуу деген чечим чыгарды. «Мыйзам жана конституция өзгөчө кырдаалдарда да кыйшайуусуз жана толук аткарылыш керек»,- деп түшүндүрдү судья Энтони Кеннеди. Чечимди соттун беш мүчөсү колдоп, төртөө каршы болду.

Римде ырасмий сапарда жүргөн Жорж Буш Жогорку Соттун чечимине ынанбаганы менен, бийлик аны аткаруууга мажбур экенин билдирди:

- Биз соттун чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Бул- мен чечимге макулмун дегенди билдирбейт. Сот мүчөлөрү да экиге бөлүндү, мен да чечимге каршы тарапты бекем колдойм. Алар АКШнын улуттук коопсуздугуна терең тынчсызданышып, чечимге макул болушкан жок.

Бейшемби күнү ошентип АКШнын Жогорку Соту 2004- жылдан бери үчүнчү жолу Гуантанамо туткундары сотко кайрыла алат деп, Ак Үйдүн ыкласына каршы кадамга барды. Буштун администрация туткундардын сотко кайрылуусуна жол бербөө үчүн Конгрессте көпчүлүктү түзгөн республикачыларга таянып, эки ирет мыйзамды өзгөртүүгө жетишкен жана Жогорку Соттун чечимин аткарган эмес.

Азыр Конгрессттин эки палатасында тең демократтар үстөмдүк кылат. Алар Буштун кеңсесинин үчүнчү ирет мыйзамды оңдоосуна жол бербей койушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG