Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

10:50 Ири кен байлыктарын иштетүүчү ишканаларга лицензия төлөмдөрү көбөйтүлөт


Жогорку Кеңеш “Лицензиялаштыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык лицензияларга төлөмдөрдүн баасы жогорулайт. Спикердин орун басарынын айтымында, мурда алтын кенине лицензия 300-400 сомдун тегерегинде берилип келсе, жаңы мыйзам долбоорунда анын баасын 40 миң сомго чейин көтөрүү каралган. "Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси лицензияга төлөмдөрдү көтөрүүгө каршы. Себеби анын дагы беш лицензиясы бар деген маалыматтар бар", дейт Исабеков. Ал ошондой эле Кумтөр кенинде жыйырмадан ашуун кен чыга турган участокторго арзыбаган акчаларга лицензия берилип кетүү коркунучу бар экенин белгиледи. Бир катар депутаттар Кумтөр алтын кенин иштетүүдө суу эбегейсиз көп пайдаланып жатканын, ошондуктан өлкө жарандары сыяктуу ал жерде сууга төлөмдөрдү жогорулатуу маселесин көтөрүштү. Исабеков Кумтөр кенинде 14 жылдан бери суу бекер пайдаланып келатканын айтты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG