Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

11:30 Орусиянын президенти Чыңгыз Айтматовдун жесирине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду


Президент Дмитирий Медведев жазуучунун жубайы Мария Айтматовага жолдогон телеграммасында: “ Урматтуу Мария Урматовна! Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүн терең кайгыруу менен кабыл алдым. XX кылымдын чыгаан жазуучусу, эбегейсиз чыгармачылык күч кубатуу жана өзгөчө тагдырлуу адам арабыздан кетип отурат. Боорукерликтин, акыйкаттын, гуманизмдин идеалдары камтылган Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн чар тарабындагы окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Анын бай адабий мурастары бүткүл дүйнөнүн руханий дөөлөтү болуп калат”,-деп айтылат кайрылууда. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG