Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Орто Азияда Кыргызстан менен Тажикстан сууга бай. Катаал кыштан кийин аймакта жанданган суу маселеси саратан жайда коңшу мамлекеттерди бушайманга салып турат.

Борбор Азиянын көптөгөн аймактарында жайкысын абанын 40 градуска чейин көтөрүлүшү кадимкидей эле көрүнүш. Ушул тапта Улуу Жибек жолунун боюнан орун алган Бухара шаарынын тургундарын суунун катуу тартыштыгы ойго салды. Бирок минтип баш катыргандар Борбордук Азиянын батыш аймактарынан табылат.

Ушул жумада аймактын өкүлдөрү Бишкекте чогулуп сууну калыс бөлүштүрүү боюнча кеп курушту. Бирок суу маселеси боюнча бир бүтүмгө келмек түгүл, жолушуудан соң абал курчуду, дешет серепчилер.

Аймакта суу көптөн бери эле талаш. Адатта чөлкөмдөгү учу-кыйырысыз талааларга суу Кыргызстан менен Тажикстандан барат. Бирок бул жылы Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан суусуз калуу коркунучунун алдында турат. Анткени Кыргызстан менен Тажикстан акыркы жылдагы катаал кышта лектр кубатын көп сарптагандыктан суу бул өлкөлөрдө деле өп-чап.

Анан калса суу башындагы Кыргызстандан менен Тажикстан эми сууну бекер бергилери келбейт. Бирок коңшусу Өзбекстан сууну кудайдын белеги катары кабылдап, товар катары сатып алуудан караманча баш тартууда. Мына ушул жерге келгенде аймактагы суу тармактарынын башчыларынын макулдашуусу чорт кесилүүдө дейт Борбор Азиядагы суу боюнча адис Григорий Глисон:

- Өзбекстандын аткаминерлери суу сатыкка коюлчу товар эмес деп эсептешерин айтышкан. Бул азыкка ар бир элдин укугу бар, эгерде суу берүү чектелсе Орто Азияда калыптанган салттар бузулат , деген оюн билдирген.

Расмий Бишкек менен Дүйшөмбү барып-барып Орто Азиянын түндүгүндөгү Сырдарыяга куйган дарыялардын жээктерин түзөп оңдоп, дамба курууга каражат коротуп келгенин акырын түшүндүрүп келет.

Дарыялар Өзбекстан менен Казакстандын кесип өткөндүктөн кыргыз өкмөтү бул эки мамлекет тең кеткен чыгымды кошо төлөшү же болбосо газ менен көмүр сыяктуу өздөрүндөгү байлыктан ийкемдүү кайрылышы керектигин каңкуулодо.

Кыргызстан болсо суу - газ менен мунайдай эле бааланышы керек деген турумду карманып турат. Адис Глисондун айтуусунда:

- Кыргызстандагы айрым саясий ишмерлери жана суу боюнча аткаминерлери сууну баалап сатуу демилгесин көтөрүп жатат. Алардын баамында суу - бул Кыргызстан менен Тажикстандын колунда турган жана башка аймактар өтө зарыгып керектеген жаратылыш ресурсу. Мына ушул аймактык суу байлыгын туура бөлүштүрүп, пайдаланууда Борбор Азия жумуриятында пикир келишпестиктер чыгууда.

Бишкектеги сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап Ташкенге алгачкы үч миллиард куб метр сууну бекер берерин, бирок калганын сатууну сунуштаган. Бирок Өзбекстан мындай сунуштан кескин баш тарткан.

Казак аткаминерлери болсо аздыр-көптүр кепке келип тургандай. Балким буга таңгалуунун деле кажети жоктой. Анткени казак президенти Нурсултан Назарбаев Борбор Азия мамлекеттеринин биримдигин түзүү демилгеси менен чыгып келет эмеспи. Өзбек лидери Ислам Каримов болсо бул демилгени колдобой турганын башынан эле билдирип келген.

Быйыл Орто Азия катаал кышка тушукту. Көмүр, газ сыяктуу отунга жакыр Кыргызстан менен Тажикстан жылуулук-кубаты үчүн көп электр энергия сарптады. Абалды Өзбекстандын карызга шылтоолоп газ берүүнү азайтып туруусу ого бетер курчутту.

Саратан жай менен шаштыны кетирген суу маселеси боюнча Борбор Азия жумурияты бир пикирге келе элек. Бирок мээ кайнаткан жай бүгүн-эртең эле бүтө калбагандан кийин, аймак аткаминерлери чаңкоону басуу үчүн дагы кандай айла-амал көрөөрү жакында билинет шекилдүү
XS
SM
MD
LG