Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

12:27 Жалалабаттык эки милиционердин 14-июнда бошотулаары күтүлүүдө


Мындай маалыматты Алабука райондук акими Үсөнбай Рыскулов Өзбекстандын коомдук тартип, бийлик өкүлдөрү менен 8-июндан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Чартак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кыргызстандык эки милиционердин күнөөсү жана мас экени ырасталбаганын айткан. Үсөнбай Рыскулов менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Наманган облусунун акими Икрамхан Нажимидинов мурда Кыргызстанда кармалган өзбекстандык эки аскер кызматкеринин куралдарын кайтарып берүүнү кыйыткан. Алабукалык эки коомдук тартип сакчысы Жалалабат шаарына келаткан жолдо Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 4-июнда кармалып, Чартак районуна жеткирилген. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG