Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгын коомчулук кандай кабыл алып жаткандыгы жана жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу маселеси кандай болушу керектиги тууралуу кабарчыбыз Кожогелди Култегин тааныштырат.

Опосуз дүйнө деген ушул. Ошентип кыргыз... кыргыз Чыңгызы жок жер сыйпалап калды. Ойлонуп-ойлонуп олтурсаң айрым нерселерге аргасыздан таң каласың. Эмнегедир эле быйыл кыргыз эли, жалпы Кыргызстан ошо Германия жактан өз адамынын жамандыгын күтүп жаман жорук баштаган. Ал өзүнчө саясий чуу болуп да кетпедиби. Ошо кезде куландан соо жүргөн опол тоодой Чыңгыз Айтматов барып-барып ошо Германиядан – Нюрнбергден ажал тапканын кара...

Бул кара көчкү кабар келгендеги жагдайын Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындайча сүрөттөйт:

- Таң аткыча уктай албай чыктым. Баягы Чыкем менен бирге жүргөн, бирге иштешкен кездер, а кишинин чыгармалары, курч проблемаларды, курч философияларды алып чыккан, баарыбыздын эсибизди оодарган учурлары биринен-сала бири эске келди. Анан дагы бир нерсе, негедир Иса пайгамбарды дарга асып, бооруна найза сайып өлтүргөндөн кийин ал тирилип кетет да. Үч жолу жакын адамдарынын көзүнө көрүнөт. Мен дагы ушу Чыкем (жашып кетти) көзүмө көрүнүп калчудай болуп эле таңга маал көчөгө чыгып кеттим. Негедир бактын ичинен чыга калчудай болуп. Чыкебиз өлбөстүккө кетти! Өтө бөксөрдүк. Хантеңирибиз кулагандай эле иш болду. Бу киши кыргыздан чыккан бүт планеттин, бүт жер шарынын адамы эле!

Казакстандын калк акыны, Кыргызстандын эл акыны, Казакстан мажилисинин депутаты Мухтар Шахановго байланышка чыксак, Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салганына байланыштуу ал ого бетер кыйналып сөз баштады:

- Мен азыр Астанада ооруканада жатам. Эки жолу инфарк алган элем. Ошонун залдарынан. Бирок, күн сайын Нюрнбег калаасынан кабар алып турдум. Акыры болор иш болуп – баарыбызды сенек кылып таштады. Түнү бою кирпик какканы жокмун мен. Бул менин өмүрүмдөгү мурун-соңгу болбогон, атам менен энемдин өлүмүнөн кайанки улуу каза!

Мухтар Шахановдун Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү ой-чабыттары:

- Чыңгыз Айтматов ХХ жана ХХ1 кылымдын эч ким кайталай албай турган улуу ойчулу! Бир өзү – бир аалам! Көзү тирүүсүндө бүткүл ааламдын классиги атанса да, Кудай берген кичи пейил мүнөзүнөн танбай, атуулдугуна чаң жуктурбай өткөн улуу талант! Совет адабиятында майда улуттардан суурулуп чыккан беш даркан талант, алп ойчул бар эле. Алар – жашы боюнча айтканда, Мустай Карим, Кайсын Кулиев, Расул Гамзатов, Давид Кугултинов,эң кичүүсү Чыңгыз Айтматов. Мен ошо бешөөнө тең ини, шакирт болгон адаммын. Асыресе Чыңгыз Айтматов экөөбүздүн арабызда агалык-инилик махабатка жалгашкан өзгөчө бир туугандык болду. Экөөбүз биргелешип эссе китеп, драма жаздык. Көп жакшы күндөрүбүз бирге өттү. Чыңгыз Айтматов кыргыз калкынын Манастан кийинки улуу инсаны! Ал кыргыз жашап турганда, жер жүзү аман турганда солк этпей тура берет.

Опосуз дүйнө деген ушул. Кыйын-кыйын кездерде кыргыз үчүн башын канжыгага байлап алып күйүп-бышкан, күжүлдөп маселе көтөргөн, түпкү тага журту Татарстанга эмнегедир бой жуутпай келген жазуучу Кыргыз жеринен кыргыйдай таптаза чыгып, Татарстанга барганда илдет чалып калышын да ар кандай жоромолдошууда. Бир даар адамдар энесинин арбагынын өгөйлөгөнү катары кабыл алса, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындай божомолдойт:

- Бир мистикалык ой кетти. Чыкемдин дайыма кастарлап-кадырлачу Манас баштаган арбактары бар эле да. Ошолор кичине ичи тарлык кылдыбы... Чыкемдин башка жерде дартка чалынып, Европада көз жумганы, анан кайра келип өзүнүн ата-бабасы жаткан кыргыздын топурагына келип түбөлүк жатаары дагы бекеринен эместир. Бу дагы Чыкемдин жалпы адамзатка тиешелүүлүгүн каңкуулайт.

Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салышын жаштар кандай кабыл алды экен, дегеле улуу жазуучуну алар кандай баалашат деген суроонун негизинде кесиптешим Эдил Касманбетов сурамжылоо жүргүзгөн эле эле, өзүн Чынара деп тааныштырган студент кыздын жообу:

- Чыңгыз Айтматов бул дүйнөдөн өттү дегенде мен аябай жаман болуп... жүрөгүм сыздап ыйлап ийдим. Чыңгызсыз мен эч качан кыргызды элестете албайм...

Опосуз дүйнө деген ушул. Соңку өмүрү негизинен Европада элчилик кызматтарда өтүп, жашынын жеткендигине, картайгандыгына байланыштуу мекени Кыргызстанга көчүп келип, калган өмүрдү кыргыздар, Кыргызстаны менен камыр-жумур, боор батырышып өткөрөйүн деген жазуучунун тилегин шум ажал таш каптырды. Баарыдан мурда ал ааламга атын тааныткан кичи мекени Шекер кандай алда турду экен? Сөз Талас облусунун Карабуура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Элүүбай Медетбековдо:

- Шекерди Айматовсуз, Айтматовду Шекерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Азыр аалам тааныган Шекердин байрагы жерге түшүп, эли азага чөмүлүп, сай-сөөгү сыздап, жабыла боздоп турган учуру. Быйыл айрыкча шекерликтер аруу кыял, асыл максат менен кудуңдап жашап атканбыз. Кудай кааласа, күздө Чыкебиздин 80 жаш мааракесин майрамдасак, маараке айылда өтсө, Чыкебиз баягы өзүнүн өскөн жеринде болуп, Күркүрөөнүн боюнда олтуруп, Маймакка барып, өзүнүн чыгармаларында жазган жерлердин баарысын аралап-басса деп тилек кылып, ага аябай ашыгып жаттык эле. Анан минтип кашайып – ошого жетпей жер муштап олтуруп калбадыкпы. Айтматов аксакалыбыз жыл аралатпай айылга барып, жамандык-жакшылыктарга катышып, элдин көйгөйүн угуп турчу. Ал барган күн Шекер үчүн баарынан чоң майрам болчу. Эми ошол майрамыбыз тып-тыйпыл жок... Акыркы жолу - өткөн жылы келген. Көзү өткөндөргө бата кылып, жоро-жолдошторуна, классташтарына жолугуп, айылга учурашып кайткан. Ошондо бир көзүнө таамай карап алсак эмине...

Улуу жазуучунун оору-сыркоого чыдамы, мамилеси да элди-журтту кыктырар деген ниетте чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек мырзаны сөзгө тарттык:

- Мен беш жыл мурда таанышкамын. Анда жүрөгү ооруп, уйкусуздук басып, аябай кыйналып аткан экен. Император укалоосун алган биринчи эле күнү те шашкеге чейин уктап калыптыр. Эптүүлөй сүйүнүп келди эртеси. Өзү дагы аябай чыдамдуу экен. Кың-ң этип койбойт. Император укалоосу айрыкча биринчи-экинчи күндөрү аябай оорутат да. Кээ-бирки кишилер 10-15 мүнөт укалаганда эле тура качат. 2000дей чекитти басып чыгыш керек жалпысы. Бул укалоо клеткаларды жаңыртып, жашарууга да өбөлгө түзөт. Чыкем ошол жагына да кызыгып, Европадан келген сайын мени чакырчу. Анан бир ишенчээктик жагы бар эле. Кайсы врач эмнени сунуштаса ошол дарылардын баарын иче берчү. Мен айтчу элем дарыга көп көнбөңүз деп.

Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек мырза андан кийин Чыңгыз Айтматовду кытайлар да өтө бийик баалаарын мисалдар менен айтып берди:

- Бир жолу Кытайга барсак кытайдын экономика министри да келип калган экен, мага кол тамга жазган китебиндеги Айтматовдун сүрөтүн көзү чалып калып: “Сиз, эмне, Айтматовду тааныйсызбы?” – деп сурап жиберди. Мен биздин жакын мамилебизди айтсам сук арта карап: “Бул дүйнөдөгү номур биринчи жазуучу!” – деп кыйкырбаспы. Башка өлкөлүктөр да басып келишип, Айтматов жөнүндө талкуу сөз жүрдү кыйлага. Ушундай бир башым өйдө көтөрүлдү! Тигилердин миллиарддаган, триллиондогон акчаларын чогулушта угуп, башым жерге кирип калган эле. Башканы кой, бир жарым миллиард кытайдын арасында бир Чыңгызы жок турбайбы...

Бирок, бизде бир жагымсыз нерсе бар. Айрыкча саясатчыларыбыз гезит-нелерге Айтматовго байланыштуу туура эмес нерселерди көп жаздырышты. Кээ-бирки жазуучулар да Айтматов бирөөлөрдүн табылгаларын өзүнө тартып алган,тиги-бу деп эле айтып жүрүшпөйбү. Ошолор азыр сүйүнүп атабы деп да ойлоп кетем...


Ооба, Айтматовго байланыштуу айың сөздөр өтө эле көп жүрдү. Апрель айында Бишкектеги Манас-Түрк университетинде болгон жолугушууда “Азаттыктын” кабарчысы Кубат Чекиров маңкурт деген түшүнүктү Айтматов казак жазуучуларынан уурдап алган деп айтып жүрүшкөндүгүн эскертти эле, жазуучу ага минтип кесе жооп берген:

- Алтын талашкансып талашып жүрүшөт казак агаиндер. Ал туура эмес. Маңкурт жөнүндө казактан мурун... миң жылдар мурун “Манас” эпосунда айтылган (кол чабуулар.)

Опосуз дүйнө деген ушул. Опол тоодой адамдар өлүмү менен да эли-журтун чоң сыноого салып кетет. Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн жерге коюуну уштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы атала электе Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындай бир орундуу пикир айткан:

- Айтматов деген киши дүйнөдө бирөө эле. Бу кишини дүйнө-жүзү катуу барктайт. Менимче,акыркы сапарга узатуу зыйнатынын башында Президентибиз өзү туруш керек. Көкөтөйдүн ашын Манас өзү башкарган. Манастын ашын Кошой абабыз башкарган... Дагы бир нерсе, тажияга эл өтө көп келет. Ошон үчүн коштошууга элди жабылтып-жамыратып жибербей, өтө катуу тартипке салып өткөрүш керек. Кыргыз элинин ушундайда ынтымагы бекемделип кетчү эле, андан ары да ынтымакка багыт алып кетишибиз бардыр.

Ал эми экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатын Алатоо аянтында уюштурууну сунуш кылат:

- Алатоо аянтынын атын Чыкебиз өзү койгон. Илгери, СССР убагында Москвадан Воротников келип аянт ачылганда Айтматов Алатоо аянты болсун деп атайын сөз сүйлөгөн. Айтматов менен коштошконго Филармония тардык кылат. Ошон үчүн мен мындай бир сунуш киргиздим. Аны мамлекеттик катчыбызга да, маданият министрине да айттым. Улуу жазуучубуз менен коштошуу зыйнатын, аза күтүү митингесин ошо Алатоо аянтында өткөрүш керек. Себеби, бул нерсени Орусия дагы, башкалар дагы, дегеле бүт дүйнө көрсөтөт теледен. Тиги жагынан Алатоо – тоолор карап турган, бул жагында кыргыз казганактап турган жерде Айтматовго акыркы сөзүбүздү айталы. Керек болсо, баягы ата-бабадан калган салт менен жалпы бир өкүрөлү бөйрөк таянып. Жер дүңгүрөсүн...

Опосуз дүйнө деген ушул. 2008-жыл Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен “Айтматовдун жылы” деп жарыяланды эле. Анын алкагына жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты да кирип алганын кара минтип. Опосуз дүйнө!
XS
SM
MD
LG