Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Азаттык, Бишкек Белгилүү акын, "Азаттыктын" өз кабарчысы Шайлообек Дүйшеевдин атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жазган жоктоо ыры.

Келбеси кетип кыргыздын
Кетилип турган чагыбыз.
Кездешип жакын барганга,
Кешигиң каткан ажалдан
Келе деп сууруп алганга
Келалбай койду алыбыз.

Желеги түшүп кыргыздын
Жер муштап турган чагыбыз.
Жетсе да ажал чет жерде,
Жергелүү кыргыз элиңе
Жетелеп алып кеткенге
Жеталбай койду алыбыз.

Кош эми, Чыке дүйнөдө
Өлүмгө айла жок экен.
Өөдө-ылдый мээлей бербестен
Өзөккө тийчү ок экен.
Өкүмү өктөм түгөнгүр
Өлчөөсү өтө эор экен.

Күүлөнүп келген ажалга
Күн туруштук бербептир.
Гүлдөгөн бейиш, кыз-улан,
Гүл туруштук бербептир.
Түпкүргө барып жашынган,
Түйшүктүн барын жашырган
Түн туруштук бербептир.
Үмүтүн жанга коштогон,
Үкөйлөп кырдан боздогон
Үн туруштук бербептир.

Алгысы келген ажалга
Ай туруштук бербептир.
Сандаган дайра, сан өзөн
Сай туруштук бербептир.
Жака-белин жаланган,
Жамбашы ташка каланган
Жар туруштук бербептир.
Кайырчы да, карып да,
Кан туруштук бербептир.
Алуучу ажал келгенде
Алагай көзү айланып,
Айталбай тили байланып,
Акылман Бакай, алп Манас
Ал туруштук бербептир.

Жээлигип ажал келгенде
Жел дагы желгип кезалбай,
Жеңдей чаң жолду кечалбай.
Желмаян минип сызсаң да
Жетүчү жерге жеталбай.
Демитип ажал келгенде
Делөөрүп алыс безалбай,
Деңизге түшүп кеталбай.
Адырлап барып тоо таяп
Агарган аппак кыш болуп.
Аязы бойдон качкан соң
Аягы кайра сыз болуп.
Жаш болсо ажал албас деп,
Жашсың деп назар салбас деп
Жайнаган жакшы кыз болуп.
Анда да чиркин кутулбай
Асманга чыгып куш болуп,
Ак булут минип баратып,
Мында да чиркин кутулбай
Ажалга кайра туш болуп.
Калкалап калар барбы деп,
Канатын Айга чапкылап.
Карайлап аман калсам деп
Капкагын жердин каккылап
Катыгүн Чыке өлүмгө,
Деги эле
Жан туруштук бербептир!..

Тарткылык экен кантели
Тамылжып Күндөй өчтүңүз.
Таберик болуп кыргызга
Тарыхты көздөй чөктүңүз.
Таржымалын өмүрдүн
Таш китепке төктүңүз.
Табият берген таланттын
Тамырын тартып өстүңүз.
Ысмайыл акын айткандай
Алатоонун байрагын
Ыргап жүрүп өттүңүз.
Жыласы көп дүйнөдө
Жыргап жүрүп өттүңүз.
Чар тарабын ааламдын
Чалып жүрүп өттүңүз.
Баасы кымбат талантты
Багып жүрүп өттүңүз.
Батыш менен Чыгышка
Барып жүрүп өттүңүз.
Кант-балына дүйнөнун
Канып жүрүп өттүңүз.
Кандай заман келсе да
Карагердин тизгинин
Кагып жүрүп өттүңүз.
Жалганы көп жашоодо
Жаза баспай бир дагы
Жагоосу тик жандарга
Жагып жүрүп өттүңүз.
Асман-Жерди солутпай
Агып жүрүп өттүңүз.
Эми,
Багынтып өлүм жеңгенде,
Баа жеткис курак келгенде.
Балдаксыз таштап элиңди
Балбылдап Күндөй өчтүңүз.
Баргандар кайра келгисиз
Чыке, сиз
Башка бир жайга көчтүңүз.

Илястын ырын сагынган,
Ысыкөл менен Нарындан.
Таласың, Баткен, Чүйүңдөн,
Жалалабад жагыңдан.
Биердеги кадимки
Бишкегиң борбор шаарыңдан.
Кайгыңды тартып карачы,
Калдайган калың эл келди.
Канаттуу уулун жоготуп,
Кара жер сыздап термелди.
Карайлап бүгүн Момун чал,
Казангап ыйлап сенделди.
Кайрылып жолдон Толгонай,
Кайыгып турган Сейдеңби?
Кайрып бир аа Чыке ким берет,
Катыгүн аа эми сендейди.

Кысылып булут кыраңдан
Кыйгачтап акты булагы.
Кылтыйып келген ажалдын
Кырсыктуу беле сурагы.
Кымбаттуу уулун жоготуп,
Кыйналып журтуң турабы.
Кыйла элден келип канчанын,
Кылгырып жашы кулады.
Кыйырды билген адамга
Кыргыздын эле тоосу эмес,
Кыямат
Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут кыраңдан
Тескери акты булагы.
Тебелеп келген ажалдын
Текебер беле сурагы?
Теңдешсиз уулун жоготуп,
Теңселип журтум турабы?
Тескейден келип канча элдин
Термелип жашы кулады.
Тегизди билген адамга
Тектирдин эле тоосу эмес,
Теңирдин тоосу кулады.

Куюндап булут кыраңдан
Кубулуп акты булагы.
Кубалап келген ажалдын
Кунсуз жол беле сурагы.
Кунда жок уулун жоготуп,
Кумсарып журтум турабы?
Кургуйдан келип канча элдин
Кумайга жашы кулады.
Куранды билген адамга,
Курдайдын эле тоосу эмес,
Кудайдын тоосу кулады.

Чолпусу нурун төккөн жер,
Чокусун жылдыз өпкөн жер.
Чоң Маймак, Шекер, Манас тоо
Чолпонбай, Чыңгыз өскөн жер.
Чогуусу менен ал калды.
Чоң-кичүү далай жан калды.
Такалуу аттын изи жок,
Талыкшып тийген Ай калды.
Таластын суусу шолоктоп,
Табытың тиктеп тал калды.
Таарыса огу ажалдын,
Тагдыр аа,
Таап ала турган шай барбы?

Алатооң калды суналып,
Асманга бою кыналып.
Ай-күндөй Соңкөл да калды
Ак өрүм жалы чубалып.
Азаңды тартып азыр ал
Ак көбүк чачып кубарып.
Ак толкун болуп жер муштап,
Арманын жээкке чыгарып.
А көрө айтчы, калайык,
Айтматовдон айырган
Абийирди кандай кылалык?

Ысыкөл калды суналып,
Ылдыйтан өйдө чубалып.
Ырыстан бүткөн эмедей
Ыраңы көккө кыналып.
Ыр болуп турган кайран көл
Ызгаарын чачып кубарып.
Ызасын тартып Чыкемдин
Ыргыштап толкун жер муштап,
Ый-муңун жээккке чыгарып.
Ырасын айтчы, калайык,
Ыйыгын журттун жоготкон
Ыйманды кандай кылалык?

Бир келчү өлүм башта бар,
Бир базар өтсө сезээрбиз.
Бир башың экөө болсо да,
Бир-бирден жалгыз экенбиз.
Биз тойбос ушул дүйнөдөн,
Биликтей жалп деп армангүн,
Бир күнү өтүп кетээрбиз.

Жыдытчу өлүм башта бар,
Жылмышкан кезде сезербиз.
Жылдыздай көпбүз десек да,
Жыгылсак жалгыз экенбиз.
Жылмайган ушул дүйнөдөн
Жыйсак да тоодой алтынды
Жылаңач бойдон кетербиз.

Айланган ажал башта бар,
Ай баткан кезде сезербиз.
Атадан алтоо болсок да
Ар бирден жалгыз экенбиз.
Айрыкча ушул дүйнөдөн
Акырет жайга этербиз
Алтынды тоодой жыйсак да
Алты кез жердин түбүнө
Алакан жайып кетербиз.

Көзөнөк ушул дүйнөдөн,
Көчпөгөн барбы оо Чыке?
Көгөрүп бүрү куурабай
Көк менен Жерде түбөлүк
Көктөгөн барбы оо Чыке?
Өрүктөй жерге күбүлуп,
Өтпөгөн барбы оо Чыке?
Өлбөстүн ичип дарысын
Өчпөгөн барбы оо Чыке?

Эсебин эчким таппаптыр,
Этектен алып ажалды.
Эмгеги элин көтөргөн
Ээсине бердик далайды.
Анделектей кезинде,
Аласын терип актаган,
Алыкең өзү таптаган.
Агарып чыгып батадан
Ак калпак кыргыз калкына
Алтымыш жылы какшаган.
Шаң эле анын болушу,
Шартылдап турчу комузу.
Шайыры эле бир келген
Шаңкылдап турчу добушу.
Өзү эле жалгыз чыкканы
Фестиваль болчу бир эле,
Феномен болчу тим эле.
Эсилим Чыке караңыз,
Эси жок ажал токтойбу,
Ээси жок эме окшойбу.
Эгерде өтпөс жаралса,
Элинин сүйгөн эркеси,
Эстебес өтпөй койбойбу.



Кечээ,
Таластын төмөн жагында,
Там-ташы токол айылда
Тагдыры татаал күндө өскөн,
Тайгүлүк кезде өзүңдүн
Таалимиң менен үндөшкөн.
Тарбия, билим алган соң
Танабай менен сүйлөшкөн.
Таптаган Гүлсары атыңды,
Таптаза бизче сүйлөткөн.
Жаратып андай асылды,
Жакыпбек уулу Ашымды
Жараткан өзү кайра алып,
Жалаңкат чымга жашырды.

Теңирге теңеп Манасын,
Теңдешсиз жазып кагазын
Тең таппай турган кезинде,
Тездетип ажал санатын.
Көрүнөө чиркин алды эле,
Көз көргүс жайга салды эле.
Көзү жок ажал көрбөсө
Көп жазары калды эле.
Көйгөйлүү тура бу жалган
Көгөрүп китеп жазгандын,
Көсөмү эле, алды эле.

Бой бербейт тура бул ажал,
Болбойле колдон жулдурдук.
Болжолсуз кайран талантты
Ботом,
Бозоргон дөбө кум кылдык.

Таластын берки башынан,
Таамай чыккан жашынан.
Таап алып ажал аны да
Табытын көздөй ташыган.
Жашоосун ажал кыйганда
Жашыбас жан да жашыган.

Өлөрүн эрте билгендей,
Өрчүтүп ишин жылгызды.
Ыймандуу асыл жан эле,
Ыраазы кылып кыргызды.
Ыр кылып салды которуп,
Ырасул менен Чыңгызды.

Өлүмдөн ким бар бошонгон,
Өлбөс жан барбы ошондон?
Өкүнтүп кеткен Аманың
Өзгөчө жазган өзүңдү
Өзүбүзчө которгон.

Көпүрөбазар айылы,
Көөнө жер болчу кайыны.
Көз тийип Аман өлбөсө
Көкөлөп турмак дайыны.
Көк өрүм урган закымдай,
Көздөн бир учуп жок болуп,
Көр чеңгел ажал көрсөткөн
Көз көргүз жакка кайыды.

Калкына сиңген эмгеги
Канчалардын жаны өткөн.
Канаттуу дулдул элдеги
Кадырман Калый кары өткөн,
Кайыңдай Чолпон бала өткөн.
Окейдин уулу Төлөмүш,
Океан талант а да өткөн.
Сүймөнкул, Динар, Болоттой,
Сүйүктүү жандар дагы өткөн.
Тулпарың Жолон, Турардай,
Туйгундардын баары өткөн.

Серпилип ажал серпкенде
Секиде жаткан чал өткөн.
Сексенге жашы жетпестен
Сегизге чыккан бала өткөн.
Жумадыл уулу Советбек
Журтуңдун улуу уулу эле
Жулкунбай жүрүп а да өткон.
Кечээ эле,
Добюулбас болгон дооруна,
Дооронбек деген иниңиз
Догурунбай ооруга,
Тагдырын таштап үйүнө,
Таарынып заман түрүнө.
Тартылып кетти кантели
Таяксыз жердин түбүнө.

Кошуңуз Чыке, асылым,
Эми,
Айтыла берет баркыңыз,
Ааламды баскан даңкыңыз.
Айтматов деген ысымың
Алатоонун көгүно
Ак жылдыз болуп орносун.
Түрүлгөн кыргыз элинин
Түгөтпөй турсун ордосун.
Түрк дүйнөсүн түбөлүк
Түркүк бир болуп колдосун!
Ырахмат Чыке, сизге эми,
Ысмакем бир кез айткандай:
“Сексенге чейин жеттиңиз,
Сегиз жүз жылга татырлык
Ырахат көрүп кеттиңиз”
Ыраазы болгун бизге эми,
Канча бир кылым өтсө да
Кыргызың эстеп жүргөндөй
Эстелик коет сизге эми!..
XS
SM
MD
LG