Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

"Азаттыкты" сателлит аркылуу уккан баткендик жигит


“Азаттык үналгысынын” берүүлөрүн Кыргызстандын аймагында жергиликтүү шериктерибиз аркылуу укса болот. Андан тышкары, угармандардын арасынан “Aзаттыкты” угуунун жаңы жолдорун, анын ичинде сателлит аркылуу угуу усулун тапкандар улам көбөйүүдө.

“Азаттыктын” берүүлөрүн Кыргызстандын аймагында Улуттук радионун экинчи каналы эсептелген “Белес” радиосу аркылуу укса болот. Төрт жыл илгери республиканын дээрлик аймагын камтып турган бул радио, акыркы жылдары болгону Бишкек, Каракол, Жалалабат жана Ош шаарларын гана камтып калды. Мунун себебин аталган радионун жетекчилиги техникалык базанын эскилиги жеткени менен түшүндүрүүдө.

Ошондой эле кээ бир менчик радиолор да “Азаттыктын” берүүлөрүн алып уктурат. Булар Бишкек шаарында “Алмаз”, Нарын шаарында “Алмаз-Нарын” жана Баткен шаарында “Салам” радиостанциялары.

Ошондой эле интернетти колдонуучулар “Азаттыктын” түз жана мурдагы берүүлөрүн уга алышат. Бирок буга карабастан угармандардын арасынан Эркин Европа/Азаттык үналгысынын берүүлөрүн өзгөчө жолдор менен кабыл кылгандар пайда болууда.

Алардын бири - алыскы Баткен шаарынын тургуну Айбек аттуу жигит. Ал өзүнүн үйүндө орнотулган сателлит антеннасын мастап отуруп, күтүүсүздөн “Азаттыкты” таап алган:

- Буга чейин FMден укчубуз, кийин “Азаттык” негедир бул каналдан жоголуп кетти. Биз уга албай калдык. Кийин аракет кылып спутниктен таап угуп атабыз. Биринчи табышыбызда өтө кыйын болду. Биз ушунчалык кызыгып, берилгенибизден кокустуктан пайда болуп калды. Көрсө бул “Аsiaset-3” спутнигинде турган экен. Угабыз дегендер өтө көп, бирок тилекке каршы алар таап уга алышпайт, кантип угуштын жолун билишпейт. Бизде көпчүлүгү “Ямал” спутнигине кошулган, жалаң орус каналдарын угабыз. “Азаттыкты” кармаган биздеги спутникте бир эле биздин “Азаттык” үналгыбыз бар. Башкасын биз түшүнбөйбүз. Бир жагынан атайын тарелканы ошол жака каратып, угуш үчүн бизге кирешелүү эмес болуп калат, бир канал үчүн кызыгы жок. Мындай радиолор бизге жетип туруш керек. Азыр “Азаттыкты” бир гана бизге эмес, бардык Кыргызстан боюнча кармап берсе, жергиликтүү каналдар, радиолор, телевидение аркылуу. Себеби биздеги тарелка такай жайында турбайт экен, биз жоготуп коюп, 2-3 саат тамдын башында отурганга убактыбыз жок. Ошондуктан мен суранып кетээр элем ушул радиону түз алып беришсе.

Ушундай пикири менен Баткен шаарында жашаган 23 жаштагы Айбек Темиров бөлүштү. Мындан ары биз берүүлөрүбүздө, жаңы тажрыйбалар, “элдик ачылыштар” туурасында кабар берип турмакчыбыз.

XS
SM
MD
LG