Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

14:04 Кыргызстандын театр өнөрү оор жоготууга учурады


Бүгүн, 12-июнь күнү 58 жашында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык Ч. Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, М. Рыскулов, Ж. Абдыкадыров сыйлактарынын лауреаты, Владикавказдагы эл аралык театралдык “Чексиз сахна” фестивалынын ГРАН-ПРИ байгесинин ээси – Алмазбек Сарлыкбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз катчысы Алтынай Атаканова билдирди. Убагында А. Сарлыкбеков Нарын облустук муздрам театрында жана жаштар театры менен Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драмтеатрын жетектеген. Анын чыгармачылыгы театр сынчыларынан купулуна гана толбостон, жөнөкөй көрүүчүлөр жана мамлекет жетекчилигинин жогорку баамына татыган. Ал А. Д Попов атындагы күмүш медалы менен сыйланып, Кыргызстандын искусство жана маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген наамы ыйгарылган. Маданият жана маалымат министрлиги маркумдун үйбүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтууда. Анын сөөгү 15-июнда өзү туулуп өскөн Төлөк айылына коюла турган болду.(ESu)

XS
SM
MD
LG