Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Өлкөдөгү соңку диний кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев жооп берди.

- Маалыматтар боюнча Күрддөрдүн конгреcси Түркия менен Ирактын аймагында көз карандысыз мамлекет, ал эми "Жихад" тобу Борбор Азияда халифат куруу идеясы менен иштеп келет. Булардын артынан мындай уюмдардын тизмеси дагы уланбайбы, себеби чет өлкөлүк кээ бир маалымат каражаттары Өзбекстандагы Ислам кыймылы Кыргызстанга ооп кеткен деген божомолдорду айтып жүрүшөт. Бул эки уюмдун аракетин токтотуу үчүн эми кандай аракеттер көрүлөт?

- Сиздер туура айтасыздар, чынында эле кечээ 1-Май райондук соту аркылуу бул эки уюм террористтик деп табылды. Мындай окуялар Кыргызстанда мурун дагы болгон, мисалы 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен Өзбекстандын кыймылы жана “Хизб-ут Тахрир” жана ушуга окшогон кыймылдар Кыргызстандын чегинде террористтик-экстремисттик деп табылган болчу. Эми чынында кечээги эки уюм Кыргызстанда баш көтөрөбүз деген иштерин алып баруу жөнүндөгү маалымат Улуттук коопсуздук комитетинин аймагында гана белгилүү болчу. Муну биз абдан туура болду деп эсептейбиз. Акыркы учурларда экстремисттик-терорристтик кыймылдардын жанданып жаткандыгы байкалууда.

- Жакында Жогорку Кеңештин чечими менен жер-жерлерде диний кырдаалды иликтөө үчүн атайын бир комиссия түзүлбөдү беле. Ал комиссия ишин баштадыбы. Алгачкы жыйынтыктары кандай натыйжа берип жатат, диний кырдаал кыйын болуп баратат деген маалыматтардын чын эле чындыгы бар бекен?

- Биринчиден, бул комиссия кандайдыр бир максат менен түзүлдү деп айтсак болот. Себеби биздин агенттик жана кээ бир депутаттардын демилгелери аркылуу "Дин боюнча" жаңы мыйзам долбоору сунушталган болчу. Мына ошол мыйзам долбоорун кабыл алуудан мурун, мен ойлойм Жогорку Кеңеш эң туура чечим кабыл алып, абдан олуттуу нерселерди киргизүү менен парламенттик комиссиясы өзүнүн ишин баштады. Айтсак, 11-июнда ошол комиссиянын төрагасы, депутат, генерал-майор Рашид Тагаевдин жетекчилиги астында курамы 16 кишиден турган, 8 депутат, 8 өкмөт мүчөсү, агенттиктердин жана комитеттин башчылары катышкан биринчи курамдын заседаниеси болуп өттү. Мында негизинен жалпы диний кырдаал боюнча менин докладым угулду, андан кийин ар бир мүчө өздөрүнүн ойлорун айтуу менен бир айлык мөөнөттө дин кырдаалды эч кандай саясий жана башка ойлорсуз түздөн-түз изилдеп чыгып, андан кийин парламенттик комиссия өзүнүн маалымат-аналитикалык катын жолдомок болду.

- Жакында эле Нарын районунда баптисттик агымды тутунган адамдын баласынын сөөгүн жерге бердиртпей талаш болду. Ал эми Ысыккөлдө жалгыз уюн саттырып, уулу дабат кылам деп жер кыдырып кеткен аялдын арманын укканым бар. Мындай көрүнүштөр бара-бара мамлекеттин ички коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши ажеп эмес го. Агенттик бул багытта кандай аракет көрүп жатат жана азыр иликтөө жүргүзүп жаткан комиссиянын жыйынтыгы менен кандай чаралар көрүлөт. Айтып-айтып эле калып калбайбы бул маселе?

- Биз конкреттүү түрдө комиссиянын ишине багыт берип жатабыз. Бул маселе боюнча туура айтасыз, Нарындагы Куланак айылында, республиканын кээ бир жерлеринде даватты шылтоолоп, же даватка катышып өзүнүн үйбүлөсүн, бала-чакасын, жер айдоо аянттарын таштап коюп жүргөндөр болуп атканы айгийнелеп турат. Биз бул боюнча атайын справкаларды жогорку тийиштүү органдарга берип жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иликтеп жатабыз. Эгерде биз алдын ала чараларды көрбөсөк чынында эле кырдаал курчуп кетиши мүмкүн. Комиссиянын эң бир алдына койгон максаттарынын бири ушул, анын себептерин иликтеп, анын кайталанбашын, өрчүп кетпешин, алдын ала чараларды көрүү.

- Албетте, бул диний агымдардын күчөшүн күч менен басууга мүмкүн эмес. Кандайдыр бир деңгээлде коомдук аң-сезимде өзгөрүү жасаш керек деген ойдобуз. Бул багытта аракеттер көрүлөбү?

- Туура айтасыз, көрүлөт, көрүлүшү керек. Биринчи олуттуу кадам-парламенттин комиссиясы деп эсептейбиз. Себеби, жаңы Кыргызстан тарыхында бул биринчи жолу болуп жаткан деңгээлдеги комиссия. Андан сырткары урматтуу президентибиз Курманбек Салиевичтин өзүнүн жеке көзөмөлүндө турган бир топ иштер болду. Ошондуктан буга аракет кылуу комплекстүү болуш керек, жаңы мыйзамдын кабыл алынышы, андан кийин жалпы эле коомчулуктун динге болгон көз карашы, ага болгон мамилесин жана билимин өркүңдөтүү маселеси жана башка дагы укук коргоо, жаза кодекстерин дагы күчөтүү керек.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG