Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

БЫЙЫЛ ЕВРОПА ЧЕМПИОНУ ГОЛЛАНДИЯ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛБЫ?


Кечээ 12- июнда кечинде германиялыктар менен хорватиялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, хорбатиялыктар жеңип, алар чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле Австриянын Вена шаарында талаа ээлери австриялыктар менен польшалыктар беттешип, тең чыгышты. Ошондой эле бүгүн 13- июнда Швейцариянын Цюрих шаарында Италия менен Румыниянын командалары мөрөй талашат. Берн шаарындагы кийинки беттешүү Голландия менен Франция улуттук командаларынын ортосунда болот.

Футбол боюнча Европа чемпионаттын таймаштарын кыргызстандык күйөрмандар телеберүүлөр аркылуу көрүп, жактырган командаларын сүрөөнгө алып жатышат. Европа чемпионатынын мелдештери, кайсыл командалар баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Бул тууралуу кыргызстандык күйөрмандар өз пикирлерин “Азаттыкка” мындайча билдиришти.

Жоомарт: - Финалга Хорватия менен Португалия чыгат. Быйыл Португалия чемпион болушу ыктымал.

Айбек: - Италия кайрадан үчүнчү ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылат. Бул жолу дагы Португалия финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми Хорватия үчүнчү орунду ээлейт.

Кайрат: -Бул жолу да италиялыктар баш байгени үчүнчү жолу жеңип алаарына ишенем. Башынан эле алардын күйөрманы болуп жүрөм.
Европа футбол чемпионатында Франция командасын сүрөөнгө алып, бирок хорватиялыктарга ийгилик каалап турганын күйөрман Жолошбек Карыбаев айтты:

- Европа өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Футбол чоң саясатка айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Италиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, баарына үлгү болот деген ишеним акталбай турат. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрө албай арманда болуп жатам. Орусияга да күйөрман болуп, ийгилик каалап тургам, бирок алар ишенимди актай албай жатат. Балким быйыл хорватиялыктар баш байгени утуп алышы ыктымал. Алар анык азаматтар экен. Германияны утуп алышы укмуштай окуя болду.

Кечээ хорватиялыктар өз күйөрмандарын сүйүнтүп, жакшы оюн көрсөтүп, германиялыктарды 2:1 эсебинде утуп алуу менен чейрек финалга чыгышты. Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин пикиринде быйыл хорватиялыктар Европа чемпионатында жакшы ойноп, чеберчилигин көрсөтүп жатышат.

- Чынында эле быйыл хорватиялыктарга спорттук ийгилик келип турат. Алар аракет кылуу менен натыйжалуу ойноп, эң кыйын деген германиялыктарды жеңип алышты. Ал эми германиялыктар болсо бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.

Оюнда эсепти Украинанын «Шахтер» командасынын жарым коргоочусу хорватиялык Ивица Срна ачып, экинчи топту дагы анын өнөктөшү Ивица Олич германиялыктардын дарбазасына таамай тээп киргизип, 2:0 эсебинде утуп жатышкан.
Германиялык чабуулчу Михаэль Баллак гана жооп иретинде бир топ киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү.
Ошондой эле кечээ экинчи оюн талаа ээлери Австрия менен Польша тандалма командаларынын ортосунда болду. Бул беттешүүдө жеңилген команда Европа чемпионатынын таймашууларынан чыгып, четтеп калмак. Ошондуктан эки команда тең бардык күч- кубатын жумшады.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында Европа футбол чемпионатынын уюштуруучуларынын бири австриялыктар эми топ ичиндеги акыркы беттешүүдө германиялыктарды утса гана чейрек финалга чыгышат.

- Европа чемпионатынын уюштуруучуларынын бири Австрия өлкөсүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Футбол чоң саясатка айланып, бүткүл австриялыктарды футбол дүйнөсү арбап алды. Чынында австриялыктар аракет кылышканы менен менин купулума толбой жатат. Ошентсе дагы үмүт үзбөй Австрияга күйөрман болуп, ийгилик каалап тургам, алар германиялыктарды таза таймашта акыркы оюнда утуп алышаар бекен?!

Бүгүн 13- июнда кечинде Швейцариянын Цюрих шаарында Италия менен Румыниянын командалары мөрөй талашат.

Алгачкы беттешүүдө италиялыктар голландиялыктарга 3:0 эсебинде жеңилип калган. Эгерде бүгүн дагы румындардан утулса, Европа чемпионатынын таймашууларынан чыгып калышы ыктымал. Берн шаарындагы кийинки беттешүү Голландия менен Франция улуттук командаларынын ортосунда болот.

Учурда Голландиянын 3 упайы бар. Эгерде алар бүгүн Франияны утса чейрек финалга чыгышат.
Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппел” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG