Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

АЗА КҮТКӨН КЫРГЫЗСТАН


14-июнда Кыргызстан эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатат. Улуу жазуучу менен коштошуу эрте мененки саат тогузда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда башталып, ал саат 12:00 чейин созулат. Жума күнү болсо улуу жазуучунун “Аларчадагы” резиденциясында жакындарына көңүл айтуу расмиси болду. Тажыя болуп жаткан жерден кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу баяндайт.

Чыңгыз Айтматовдун үйү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын чыгыш тарабында жайгашкан. Улуу жазуучунун үйүнө кире беришке тогуз боз тигилип, ичинде дагы эки боз үй тургузулган. Алардын биринде улуу жазуучунун сөөгү жайгаштырылган. Таң эртеден баштап, кыргыздын салты менен улуу жазуучуну жоктоп, өкүрүп келгендердин арасында кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү, жазуучулар, окмуштуулар, карапайым калк болуп жатты.

Алар улуу жазуучунун уул-кыздары, жакындарына көңүл айтып, кайтып жатты. Түшкө чукул өкмөт башчы Игорь Чудинов, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов келип, маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Кыргыздын атактуу жазуучуларынын бири Төлөгөн Касымбеков уулдарынын коштоосунда келип, Чыңгыз Айтматовдун жакындарына көңүл айтты. Андан кийин Төлөгөн Касымбеков улуу жазуучуну минтип эскерди:

- Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө көп айтса болот. Ал кишинин эскерип жатканда кишинин муун-жүүнү солкулдап, бошоп кетет. Себеп дегенде ал кишинин өзүнүн элине, журтуна, атүгүл окуучу балдарга чейин кайрылып, кылган жакшылыгы эч качан унутулбайт. Арты кайырлуу болсун. Мындан ары дагы кыргыз эли өлүгүн да, тиригин да ушундай сыйлап өтсүн.

Эчкирип ыйлап келген академик Бүбүйна Орузбаева кайгысын ката албай турду:

- Бул кишинин дүйнөдөн өткөндүгү элибиздин тоосу кулап калгандай эле болду. Аны мен биринчи айтып жатканым жок. Элдин баарынын жүрөгүнүн тереңинен орун алган, окуса кишинин моокуму канбай турган чыгармаларды жаратып, жаш кезинен өзү эле дүйнөгө таанылбай, кыргыз элин бүтүн дүйнөгө таанылткан агаңар, менин инимден кош айтышып калдык. Бул тагдырдын буйругу экен. Андан эч ким качып кутула албайт экен.

Улуу жазуучунун жакындарына көңүл айтууга келгендер арасында Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана башка саясатчылар болду. Аликбек Жекшенкулов :

- Эми залкар адам эле. Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан адам эле. Тилекке каршы дүйнөдөн кайтып кетти. Биз жакындарына , жалпы кыргыз калкына абдан кайгырып кайрат айтабыз. Экинчи жагынан абдан жөнөкөй, мээримдүү адам эле. Мен ойлоймун,бүгүнкү күн жалпы кыргыз элинин аза күнү, кыргыз эле эмес жалпы Борбор Азия калкынын аза күнү .

Биз, журналисттердин чакан тобу Чыңгыз Айтматовдун үйүндөгү жумуш кабинетинде боло алдык. Жазуучунун кабинетинин терезеси күн чыгышты карап, анда дүйнөлүк адабият, искусство чеберлеринин китептери шыкалып турат. Чыңгыз Айтматовдун кичүү уулу Элдар бардык буюмдар улуу жазуучу акыркы ирет пайдаланган абалда турганын айтып, эч нерсени ордунан которбоону өтүндү...

Улуу жазуучу менен жума күнү жакындары коштошуп, эми ишемби күнү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда жалпы коомчулук коштошот. Анын кандай болуш тартиби тууралуу Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов маалымдады:

- Коштошуу үчүн эшик филармониянын чыгыш жагынан ачык болот. Коштошууга көп адам келет деп жатабыз. Ошондуктан убактысын узарттык. Коштошуудан кийин митинг болот. Анда президент сөз сүйлөйт. Митингден кийин маркумдун сөөгү атайын автоунаага салынып, алып жөнөлөт. Келгендердин баары жөө Алатоо аянтына чейин келишет. Ал жерде мамлекеттик желек түшүрүлүп, бир минута эскерүү болот. Андан кийин “Ата-Бейитке” карай багыт алынат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG