Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

РИМ ПАПАСЫ БУШТУ БАШКАЧА КАБЫЛ АЛДЫ


АКШ президенти Жорж Буштун Европадагы сапары уланууда. Бүгүн ал Ватиканда Рим Папасы Бенедикт XVI менен кездешти. Бүгүн ал ошондой эле француз башкааласы Парижде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда сөз сүйлөйт. АКШ президентинин Европаны азыркы кыдыруусу кызмат мөөнөтү бүтөр алдындагы коштошуу сапары катары каралууда.

Маалымат агенттиктери билдиргендей, Рим Папасы Бенендикт XVI бүгүн протоколду бузуп АКШ президентин Ватикандын багынан тосуп алды, ал эми сүйлөшүүнү орто кылымарга таандык ыйык Иоан мунарасында өткөрдү. Адатта Рим -католик чиркөөсүнүн башчысы жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдү өзүнүн китепканасынада кабыл алат, орто кылымдарга таандык мунара болсо өзгөчө коноктор үчүн сакталган. Рим папасынын Кошмо Штаттардын президентине жасаган өзгөчө мамилеси, анын АКШга болгон жакындагы сапары жогорку деңгээлде өткөнүнө жооп кадам катары сыпатталууда.

Бенендикт XVIнын АКШдагы визити ал 81 жашка толгон учурга туура келип, Папанын туулган күнү 16-апрелде Ак үйдүн алдындагы көк майданда чоң салтанат менен белгиленип, куттукттоо үчүн он үч жарым миңдей киши жыйналып, 21 ирээт салют атылган эле. Ошондо Ак үйдөн сүйлөгөн сөзүндө Рим –католик чиркөөсүнүн башчысы Кошмо Штаттарды "кеңири плюралисттик коом" деп атаган:

- Эркиндикти сактоо ар намысты өрчүтүүгө, өзүн-өзү тарбиялоого, коомдун кызыкчылыгы үчүн курмандыкка барууга жана анчалык ийгиликке жете албаган башкалар үчүн жоопкерчилик алууга чакырат. Ошондой эле жарандык турмушка катышуу үчүн каармандыкты жана коомдук талкууларга өтө терең диний баалуулуктарды алып келүүнү талап кылат. Бир сөз менен айтканда, эркиндик ар дайым жаңы, бул ар бир муун үчүн чакырык жана ар убак жакшылык аркылуу жеңилип алышы керек.

Ватикан кезинде Ирак согушуна катуу каршы болгонун эске алганда, Рим –католик чиркөөсүнүн башчысы менен АКШ президентинин бул маселедеги көз -караштары дал келбейт. Бирок аборт жасатуу, бир жыныстуулардын никеге туруусу, эмбрион клеткаларын изилдөө өңдүү иштерде алар бирдей пикирди карманат.

Президент Жорж Буш да Кудайга ишенерин утур –утур айтып жүргөндүктөн, Рим папасы ал муну эл алдында ачык айтышына ыразы болгондой.

Ватикандан соң АКШ президенти бүгүн Парижге келип, ал жерде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баш кеңсесинде маанилүү сөз сүйлөрү күтүлүүдө. Өз сөзүндө Буш АКШ менен Европа ортосундагы биримдигинин зарылдыгына басым жасамакчы.

Анын сөзүнүн алдын ала белгилүү болгон тезистерине караганда, Буштун божомолунда, келерки жылдын январь айында анын ордун басуучу кийинки президент, буга чейин болуп көрбөгөндөй "кеңири жана жаркыраган" трансатлантикалык мамилени мурастап калууда, бирок ал исламчыл экстремизмге каршы күрөштө азыркыдан да бекем биримдикке чакырмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG