Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Парламент жума күнкү отурумунда лицензиялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, суу объекттери менен суу ресурстарын пайдалануу акысы жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Тоокен иштерине берилчү лицензия акысын, ошондой эле бул ишке пайдаланчу суу акысын жөндөө аракети кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосундагы эларалык арбитраждык соттогу териштирүү башталар чакка туш келди.

Эки мыйзам долбоорунун автору парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан канадалык компания текейден арзан баага келген лицензия менен миллиарддаган доллларлык пайда таап жатканын белгилеп, дегеле тоокен тармагына берилчү уруксат кагаздын акысын азыркы турушунан 400 эсе көбөйтүү сунушун киргизген. Бирок да парламенттин эки комитети уруксат кагаз акчасын кыйла төмөндөтүп, эгер алтын казып алчу болсо гектирине 4000 сомдон, күмүшкө 2000, ал эми башка баалуу металлга 1000 сом лицензия акысын төлөө керектигине токтолушкан. Андан бюджетке канча акча түшөрү эсептелип коюлганын Кубанычбек Исабеков маалымдады.

- Ошондо жалгыз эле алтындан 64 миллион сом түшмөк экен. Андан тышкары өзүңөр билесиңер күмүш казылып алынып жатат. 32 миллион сом түшмөк экен. Бардыгы 112 миллион сом бир жылда түшөт экен. Азыр “Андаш”, “Талдыбулак сол жээк”, “Жерүй”, “Кумтөрдү” кошкондо төрт кенде 16 миң гектир жер болуп жатат. Бир жылда 112 миллион сом өзүнчө булак болуп жатат.

К.Исабековдун алдын-ала эсебиндеги акчалар бюджетке түшпөй деле калышы ыктымал экендигин айтып, парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев андан талаштуу маселени тактап беришин талап кылды.

- Мен ошого ишенбей турам. Себеби ал жерде бизден кем эмес акылдуу юристтер отурат. Конституция, башка мыйзамдарда эгер ал жагдайды оорлото турган болсо кайтарым күчү болбой тургандыгы так жазылган. Муну аягына чейин так чечиш керек.

Парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгү лицензия тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, уруксат акынын көбөйүшүн каалай тургандыктарын билдиришти. Анткен менен аларды тарткынчыктаткан маселе жаңы мыйзам аркылуу ишкерликке бөгөт коюлуп калбайбы түкшүмөл суроосу болду. Ошондон көпчүлүк эл өкүлдөрү жаңы мыйзам долбооруна өкмөттүн мамилеси кандайлыгына кызыгышты. Ага өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мырза Кулматов момундай түшүндүрмө берди.

- Көп министрлер менен оозеки сүйлөшкөн экен. Көп министрлер макулдугун бериптир. Мамлекеттик агенттиктин ( Геология жана минералдык ресурстар боюнча.-Ред.) төрагасы макулдугун бербептир. Ал эми бул мыйзам боюнча менин билишимче Кубанычбек Исабеков өкмөткө расмий корутунду бергиле же бербегиле деп сураган эмес.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев лицензия акысын көбөйтүү идеясы мыйзам авторунда кандайча пайда болуп калганына кызыкты.

- Монголиядан башка дагы кайсы жерде ушундай принцип менен салык алышат экен?

Эл өкүлдөрү бул күнү тоокен ишкананалырын сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөсү жөнүндөгү мыйзам долбоорун да көпчүлүк добуш менен жактырышты. Мыйзам долбоорунун автору тоокенчилерден суу акысын алуу маселеси чечилгенден кийин экинчи кадам жасаларын шардана кылды.

- Суу деген товарга айланган. Аны мыйзам иретинде тоокендерине кошсок, андан кийинки кадамдар дагы пайда болот. Коңшу мамлекеттер менен суу менен эсептешүүнүн долбоорун мен жазып жатам,- деп айтты К.Исабеков.

Кыргызстандагы эң ири алтын кен долбоорунун айланасындагы талаш минтип парламент ичинде улантылууда. Эки мыйзам долбоору алтын кен комбинаты эми алчу лицензияларды утурлап, пайдаланчу суу акысын көтөрүүгө арналууда.
XS
SM
MD
LG