Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бүгүнкү саны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналып, маркумдун чыгармаларынын негизинде жазылган кыргыз, орус, казак композиторлорунун опера, балет, ыр жана башка чыгармалары жөнүндө сөз болот.

О, чиркин, бири кем дүйнө! Жомокту чындыкка, жокту барга айлантып, түшкө кирбей турган укмуштарды жаратып, жаткан заманда адам бир гана эң бир күчтүү, эң бир таш боор ажалдын алдында алсыз экен. Көрсө, жараткан өзү жаратып, өзү калган убакта эч кимден сурабай алып кете берет тура. Бу дүйнөдө өмүр дегендин баш-аягы жок аккан суу турбайбы.

Кечээ эле жаадырап, жайнап, ак дилден баардашып жүргөн дүйнөлүк ысымдагы улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун бүгүн көргөн эртең жок болуп, капилеттен таш боор, ырайымсыз ажал алып кетет деп ким ойлоптур. Бүгүн болсо ага бир эсе ишенип да, ишенбей да жан дүйнөбүздү жалындата өрттөгөн күйүткө батып түндүгүбүздү жаап, байрагыбызды эңкейте аза күтүүдөбүз.

Чыкем Алатоодой бийик, Ысыккөлдөй акылга терең, кыргыз дегенге жанын курмандыкка чалуудан кайра тартпаган, өзгөчө сапаттагы жарык дүйнөдө өтө сейрек кезигүүчү не бир кайталангыс шыктагы айкөл инсан, алп жазуучу эле.

Чыкемдин дүйнөнү дүңгүрөткөн сыйкырдуу калеминен жаралган кыска аңгемелеринен тартып, терең философиялык мазмундагы көлөмдүү повестери, романдарына чейин сахналаштырылып театрга коюлду, экрандаштырылып ондогон көркөм фильмдер тартылды. Алсак, алп жазуучунун ааламандын окурмандарын таң калтырган ырдалып да, жазылып да бүтпөгөн түбөлүктүү тема махабатты баяндаган “Жамыйла” повестти баш болгон “Саманчынын жолу”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ак кеме” повесттеринин негизинде кыргыз композиторлору опера, балеттерди жазышты. Ал эми жазуучунун повесттеринин, романдарынын айрым каармандарынын тагдырларына арналып ырлар, романстар да жазылып, күүлөр чыгарылды.

1998-жыл. 19-январь. Айтылуу дирижер, атактуу копозитор, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл артисти Калый Молдобасанов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” аттуу повестинин негизинде жазган “Манкурт баяны” аттуу балети жана жазуучунун чыгармаларынын музыкалуулугу жөнүндө:

- Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармаларына кайрылганымдын себеби өтө эле музыкалуу. Мен жазуучунун повесттерин окуганымда кайсы жерине кандай музыка керек экенин сезип, көрүп турам. Маселен мен “Манкурт баяны” аттуу балетимди жазып жатканда повестеги окуяларды, алсак төөлөрдүн жайылып жүргөнүн, Жоломандын манкурт болуп калган абалын, жүрүм-турумун бүтүндөй көз алдыман тасмага тартылгандай көрүп, билип, туюп отуруп, бир жылча ойлонуп, бери ойлонуп, изденип жүрүп, качан гана тапкандан кийин жаза баштадым. Менин оюмча жаман балет болгон жок. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты ,– деген эле маркум Калый аке.

Кезек Молдобасановдун “Манкурт баяны” аттуу балетинин үзүндүсүндө.

Бүгүн түндүгүбүз жабылып, туубуз башын шылкыйта эңкейте кабыргабызды кайыштырган аза күтүүнүн сазына белчебизден батып турган күндө улуу акын Аалы Токомбаевдин “эл эмгектен эскерет” деп айтканын эстей, Айтматовдун төрт тарабы келген канаттуу чыгармалары кыргыз ж.б. элдердин композиторлору үчүн кандайча соолбос булак, кенч болгону жөнүндө Кыргызстан композиторлор Союзунун төрагасы, Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кенжегазы Асанбаевге микрофон узатканымда, ал:

- Маркум Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын атаганда, айтканда кыргыз маданиятынын өсүшүнө, өнүгүшүнө тийгизген таасири өтө зор. Биздин композиторлор Чыңгыз агайдын алгачкы аңгемелери, повесттери чыга баштагандан тартып кызыгыша баштаган эле. Эң алгачкы жолу композитор Михаил Рафаилович Раухвергер Айтматовдун “Жамыйла” повестинин негизинде лирикалык “Жамыйла” аттуу операны жазган. Бул операнын музыкасы кыргыздын элдик обондорунун күүлөрүнүн негизинде накка жогорку профессионалдык деңгээлде жазылган. Бир мисал. Операдагы баш каарман Даниярдын ариясы, кийин “Даниярдын ыры” деген ат менен аттуу-баштуу артистерибиздин өздүк репертуарларынан түшпөгөн эл артисти Артык Мурзабаев эл алдына алып чыккан эле. Раухвергердин “Жамыйла” операсы кыргыз опералык чыгармачылыгындагы бирден-бир мыкты чыгармалардан болуп калды десем жаңылышпайм. Айрыкча, Даниярдын ариясынын сөзүн Чыңгыз агайдын өзүнүн жазганы өзүнчө бир керемет. Эми, Чыңгыз агайдын жаркын элесин эскере отуруп, СССРдин эл артисти Артык Мурзабаевдин аткаруусунда “Даниярдын ырын” угуп коелу.

Бул Раухвергер жазган операсы ак жолтой болду. “Жамыйла” операсынан кийин кыргыз композиторлору К.Молдобасанов “Саманчынын жолу” аттуу балет ораторияны, “Манкурт баяны” балетин, В.Власов “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде “Асел” балетин, белгилүү композиторлор, дирижер Эсенгул Жумабаев “Ак кеме” повестинин негизинде “Жомоктон кийин” балетин, Муратбек Бегалиев “Кылым карыткан бир күн” драматориясын жазды. Композитор Акимжан Жээнбаев Чыңгыз агайга арнап “Күү дастан” деген хорду, Владимир Роман “Жамийла” аттуу симфонияны жазды. Бул симфониянын негизинде жакында А.Малдыбаевдин атындагы Улуттук опера жана балет театрында балет коюлат.

Кенжегазы мырза, кечиресиң сөзүңө кошумча, симфонияларды жазышса, кыргыз, казак обончулары да жазуучунун повесттеринин баш каармандарына арнап ырларды жазышканын жакшы билесиң. Маселен, обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев “Жаныбарым Гүлсара”, “Долон”, казак обончу-композитору Илья Жаканов “Жамыйланын ыры”, “Асель” аттуу ырларды жазышты. Анда азыр Илья Жакановдун “Жамыйланын ыры” аттуу ырын Эл артисти Дарыйка Жалгасынованын аткаруусунда угалы.

Кенжегазы мырза, көп жылдан бери Кыргыз Улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы Академиялык драма театрында да музыкалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп келе жатасың. Айтматовдун сахналаштырылган оюндарына музыка жаздыңбы?

- Биздин театрга Чыкемдин сахналаштырылган көптөгөн оюндары коюлду. Алсак, “Кош бол Гүлсара”, “Кылым карыткан бир күн”, “Кыямат”, “Сары өзөктөгү жазаа”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет” ж.б. Булар болсо кыргыз драматургиясын өтө жогорку бийликке көтөрүп койду. Ал эми сахнага коюлган оюндарга композиторлор оригиналдуу музыкаларды жазышты. Маселен мен өзүм Чыкемдин “Кош бол Гүлсара”, “Кыямат” оюну Дуйшөмбүдө, “Сары өзөктөгү жазаасы” Түркияда, “Кош бол Гүлсарасы” Казакстандын Жамбылында коюлду. Композитор Сталбек Бактыгулов, Муратбек Бегалиевдер да Айтматовдун сахналаштырган оюндарына музыка жазышты. Жакында Чыкемдин “Чынгызхандын ак булуту” аттуу пьесасын коюшту. Аны Ортоазия боюнча белгилүү режиссер Какажан Ашыров койду. Башкы роль Чынгызханды эл артисти Кыргызбай Осмонов аткарды. Бул оюн жакында эле түркиялык көрүүчүлөргө тартууланып, байге алып келди. Дагы бир айта кете турган нерсе бул оюндун бетачарына Чыкем келип, аябагандай ыраазы болгон эле. Мына ошол оюндун баш каарманы Чынгызхандын монологун Кыргызбай Осмоновдун аткаруусунда угуп коелу.

- “Оо, түпсүз асман. Түбөлүктүү чексиз асман. Аалам менен адамдардын тагдырын калчаган жараткан мен сага арнап, тобурумду курмандыкка чалдым. Өтүнөөрүм сен мага ырайымдуу бол. Төгөрөктүн төрт бурчун ээлеп, бүтүн адамзатты кыңк этпей башкарууга мага көмөк көрсөт.


Эгер бул ааламда биздикиндей ай жарыгында жашашкан адамдардын жашоосу түмөн болсо, анда жер бетиндеги бийликти бүтүн бойдон мага башкартып койгондон сенин эмнең коройт? Анткени адамзаттын ичинде менден кыбаттуу, менден күчтүү, менден кыйын кимиси бар?! Ошондуктан, бүтүн калктардын, бүтүн адамдардын үстүнөн үстөмдүк кыла турган бирөө - сенин уулуң, көккө теңирдин уулу – Чынгызхан жортуулга”.

Мен маркум Чыкем менен 1960-жылдан тартып кыз алган жары Керээз эже менен ажырашканга чейин маркум эженин кара чечекей иниси курбум, айыл чарба илимдеринин кандидаты Темир Шамшыбаевдин үйүндө бир нече жолу ак дасторкондун кашында отуруп, даамдашып, баардашып, жашоо турмуш, улуттук дүйнөлүк адабият, маданият жөнүндө ой бөлүшүп жүрдүм. Чыкем басса-турса да, кайсыл элде жүрбөсүн, кайсыл жерде жашабасын кыргыздын бейиштин төрү аталган кереметтүү Ысыккөлдү дүйнө жүзүндөгү көлдөрдүн эч бирине теңөөчү эмес. Ал “Ысыккөлгө кимдер гана суктанбасын. Ал ар бир кыргыз баласына ыйык” – деп, “Ысыккөлдү сагынуу” аттуу ырын жазган. Обону Муратбек Бегалиевдики. Аткаруучу Гүлнур Сатылганова.

Кыялымда ак куу болуп
Учуп жүрөм көл үстүнөн
Көк асмандын мейкининде

Кайырма:

Алыс кетсем куса болуп
Сагынам салкын төрүң
Алтын көлүм, Ысыккөлүм
Сагындым мен толкун көркүн.

Ооба, мына бүгүн касиеттүү Ысыккөл да, калдайган кыргыз калкы да адабиятыбыздын, маданиятыбыздын көсөмү, көк асабасы Чыкебизден айрылып, кайгынын кара туманына капталып отурабыз. Чыкем менен акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде ак дасторкондун үстүндө жолугушуп, кинотасма тартылып ой бөлүшкөн элек. Көрсө, ал керээз баардашуу тура. Ошентип, кыргыз элине Алатоодой арка бел болгон, дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу талант асмандан учкан жылдыздай жалп этип өчтү. Кош бол урматтуу Чыке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!
XS
SM
MD
LG