Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

КЫРГЫЗСТАН БҮГҮН УЛУУ УУЛУН АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТАТ...


Бүгүн Кыргызстан улуу уулун акыркы сапарга узатат. Залкар жазуучу менен калктын коштошуусу эрте менен саат 9:00 башталып, 12:00ге чейин созулушу белгиленүүдө. Чыңгыз Айтматов менен коштошуу үчүн чет өлкөлөрдөн делегациялар келди. Кыргызстанда болсо 14-июнь президенттин жардыгы менен аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Калк менен коштошуу үчүн улуу жазуучунун сөөгү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияга бүгүн коюлат. Элдин кириши үчүн филармониянын чыгыш тарабындагы эшиги ачык болоорун шаар мэри Данияр Үсөнов маалымат жыйынында билдирди:

- Коштошуу үчүн эшик филармониянын чыгыш жагынан ачык болот. Коштошууга көп адам келет деп жатабыз. Ошондуктан убактысын узарттык. Коштошуудан кийин митинг болот. Анда президент сөз сүйлөйт. Митингден кийин маркумдун сөөгү атайын автоунаага салынып, алып жөнөлөт. Келгендердин баары жөө Алатоо аянтына чейин келишет. Ал жерде мамлекеттик желек түшүрүлүп, бир минута эскерүү болот. Андан кийин “Ата-Бейитке” карай багыт алынат.

Улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу үчүн чет өлкөлөрдөн делегациялар келүүдө. Алар тууралуу маданият жана маалымат министри Султан Раев буларды кабарлады:

- Чыңгыз Төрөкулович Айтматов менен коштошууга азыркы мезгилдеги өтө белгилүү инсандар келип жатат. Эл аралык маанидеги адабият жана искусство чеберлери келип жатат. Ошондой эле чоң расмий делегаттар келүүдө. Казакстандан мамлекеттик катчысы, Түркиядан мамлекеттик секретары, Россиядан маданият министри Авдеев келе жатат. Ушуга окшогон чоң адамдар келатат.

Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун билдирүүсү боюнча, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда коштошуу расмиси аяктагандан кийин филармониянын алдында чет өлкөлүк делегаттардын катышуусу менен митинг-реквием болуп, анда президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөйт. Андан кийин сөөк атайын автоунаага салынып, Алатоо аянтына алып келинет. Ал жерде мамлекеттик туу түшүрүлүп, Кыргызстандын гимни ырдалат жана бир минута унчукпай туруп эскерүү жасалат. Андан кийин Байтик баатыр көчөсү менен “Ата-Бейитке” багыт алынат. Тажыяга элдин катышуусуна эч кандай чек коюлбайт. Болгону айрым көчөлөр, тактап айтканда, шаардын чыгышы менен батышын туташтырган Токтогул, Киев, Фрунзе көчөлөрү менен түндүгү менен түштүгүнө кеткен Турусбеков, Правда көчөлөрү кесилишкен жерлерден жабылат. “АтаБейитке” өз алдынча барууну каалагандар үчүн Алмата көчөсү Койташ айлына чейин автоунаа үчүн жол ачык болуп, андан ары 1.5 чакырымга жөө барылат.

“Ата-Бейитте” куран окулуп, мусулман жана кыргыз каада-салтына жараша Чыңгыз Айтматов акыркы сапарга узатылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG