Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Чынгыз Айтматовдун сөөгү Бишкекке алынып келингенден кийин анын ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн кандай аракеттер көрүлүш керек деген темага арнап, “Азаттык” таңкы уктуруусунда түз эфирдеги “Тегерек үстөл” айланасындагы маек уюштурду. Аны Бүбүкан Досалиева алып барды.

Бүбүкан Досалиева:- Мына кечээ кыргыз гана эмес дүйнөнүн залкар жазуучусу, кыргыздын туусу болгон уулу Чынгыз Айтматовдун сөөгү Бишкекке алынып келип, аны акыркы сапарга узатуу иш-чаралары көрүлүп жатат. Бирок, сөөгү жерге берилгенден кийин анын ысмын татыктуу сактоо жана түбөлүккө калтыруу аракеттери коомчулукту кызыктырып турат. Бул боюнча ойлорун ортого салуу үчүн азыр студиябызга Айтматовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров, жазуучу Казат Акматов,композитор Муратбек Бегалиев жана Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев катышып олтурушат.

Анда алгачкы суроону Корчубек мырза, сизге берсем. Чынгыз Айтматовдун сөөгүн “Ата Бейитке” коюу чечими боюнча эл арасында азыр ар кандай сөздөр айттылып жатат, бир даары аны Аларчага эле коюш керек болчу дешсе, айрымдары мындай чечим Айтматовдун өзүнүн керээзи менен болду деп жатышат. Чынгыз Айтматов чын эле ошондой керээз калтырган бекен же бул комиссиянын чечими болдубу? Андан тышкары мамлекеттик комиссияны президент Курманбек Бакиев өзү жетектесе жакшы болмок деген ойлор да айтылууда. Эми комиссиянын алдында Айтматовдун сөөгүнөз ызааты менен жерге берүү жана четтен келген адамдар жана өз кыргыз коомчулугунда эле улуу адамга чый-урмат көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтүү милдети турат. Аза күтүү, сөөк коюу жөрөлгөлөрү кыргыздын улуулугун көрсөтчү абалда уюштурулуп жатат деген ишеним барбы?

Корчубек Акназаров:- Мен Чынгыз Айматов көзүм өтүп кетсе, сөөгүмдү “Ата Бейитке” койгула деген сөзүн уккан эмесмин.Бирок, ушундай создөр айлытып жүрөт. Султан Раев бир кезде уккан экен, атамдын бейити кайсы жерге коюлган болсо ошол жерге көзүм өткөндө коюлса ыраазы болоор элем деген сөздөр болгон экен. Аны Султан Раев кайсы жерден укканын билбейм, бирок бул чын го. Кийинмен өз оозунан уккан жокмун. Эми Чынгыз дүйнөдөн өтүп кеткенин укканда денемен ток өткөндөй болуп кетти. Анан мени комиссиянын мүчөсү кылып шайлашкан экен. Азыр күнүнө эки жолу жыйын куруп жатабыз. Ошол кишинин тигил жакка узатуунун бардык чараларын көрүп, өкмөтүбүз, президент өзү баш болуп күн тартибинде турат. Ар жыйында аза күтүү, келчү меймандарды тосуп алуунун ар бир мүнөтү такталып жатат.

Бүбүкан Досалиева:- Демек, акыркы сапарга узатуу зыйнаты так уюшкандыкта өтөт деген ишеним барбы?

Корчубек Акназаров:- Толук ишеним бар. Мына кечээ Германиядан тосуп алуу так өттү. Ал жерде чакан митинг болду, андан кийин үйүнө алынып келинди. Ошол чаралардын бардыгы жасалып, үйүнө алып келгенден кийин туугандары, катыштары, келген элдин баары кыргыздын илгерки салты менен жер дүңгүрөтүп өкүрүштү. Аэропорттон сөөгүн алып чыкканда да ошол жерде уча турган адамдар жана иштеген адамдардын бардыгы көздөрүнө жаш алгандарын өз көзүм менен көрдүм.

Бүбүкан Досалиева:- Казат мырза, сиз жазуучу катары Чынгыз Айтматов менен эриш-аркак иштеген адамсыз. Кечээ президент Курманбек Бакиев элге кайрылуусунда “АЙтматовдун руханий экинчи жашоосу башталды” деп билдирди. Бирок, эми аны ишке ашыруу керек да. Айтматовдун чыгармачылык, инсандык, коомдук, мамлекеттик ишмердигиндеги баа жеткис жетишкендиги эмне болду жана аларды көөнөртпөй муундан-муунга өткөрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде кандай программалар, аракеттер зарыл деген ойдосуз?

Казат Акматов:- -Чыкем аркы дүйнөгө кеткенден бери кайгырып жатабыз, көп жакшы сөздөр мындан ары да айтыла берет. Бирок, кыргызда өлбөстү Кудай жаратпайт дегендей акыры жүрүп Чыкемдин өлүмү менен баарыбыз келише турган болдук. Ошон учүн мындан ары тирүүлүктүн ишин жасашыбыз керек. Биринчи айтаарым, Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата чоң иш пландар түзүлгөн. Эми ошол ишчараларды Чыкемдин көзү жок өткөрө турган болуп калдык. Көзү жок өткөргөндөн кийин аларды эки эсе уюшкандыкта, эки жогорку деңгээлде, эки эсе сапаттуу өткөрүшүбүз керек. Ал иш-пландардын ичинде көп иштер камтылган болчу. Анын бири Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 9 томдугун чыгаруу маселеси бар. Мен ошол жагына көңүл бурайын. Ошол 9 томдукту чыгарып туруп, бүткүл кыргыз элине жеткириш керек. Былтыр Москвада “Библиобраз-2007” деген эл аралык фестиваль өткөн. Ага 17 ири мамлекеттер катышкан. Анын негизги идеясы китептерди адамдарга, анын ичинде мектептерге, жогорку окуу жайларга жеткирүү. Ошол вазийпаны аткарам деп Людмила Путина “Орус тилин өнүктүрүү” деген атайын борбор түзгөн экен. Ошол борбор орустун мыкты жазуучуларынын чыгармаларын өз каражатына чыгарып, элге бекер таратып берип жатат. Менин дагы бир китебим ошол фестивалга туш келип калып, “Архат” деген романым бекер чыгарылып таркатыла турган болду. Мен муну мисал катары айтып жатам. Демек, биз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын демөөрчү болсо алар менен болбосо, өкмөттүн эсебинен чыгарып мектептерге таратыш керек. Азыр айылдарда анын китептери жок. Айрыкча, китепканаларда калбай калды.Элге жетпей калды.

Бүбүкан Досалиева:- Мурат мырза, эми сөз кезегин сиз уласаңыз. Дүйнө элдери чыгаан уул-кыздарынын эмгегин эл эстеп, улантып турушу үчүн эч бир кайталангыс чечимдерге барышат. Маселен, алыс барбай эле Темирландын жасаган иштерин элестеткен жайлар Өзбекстандын аймагында али күнчө кол тийгис болуп кастарланып турат. Азыр көпчүлүк Айтматов эми 100 жылда бир кайталанса кайталанаар, болбосо жок деп жатышат. Ошон үчүн Айтматовдун чыгармаларын, философиясын унутпай улантуу үчүн коомчулук, анын ичинде чыгармачыл адамдар эмне кылыш керек деген пикирдесиз?

Муратбек Бегалиев:- -Сиз айтып жатасыз 100 жылда деп, мен 1000 жыл да аздык кылат го деген ойдомун...Уучубуз куру эмес таланттар көп. Бирок, Чынгыз Айтматовдун кайра жаралышы абдан кыйын го... Ошон үчун ал кишинин жасаган иштери опол тоодой! Ал кишинин өзунүн көзү өткөнү менен анын эмгектери элге кызмат кылып түбөлүккө кала берет. Анан мындай адамдын жасаган эмгектери сөзсүз түрдө өтө бийик бааланыш керек. Агабыз оо дүйнө салгандан бери ар кандай ойлор келип жатат. Ал киши мага жазуучу гана эмес, ага, ата катары ымала болуп калган эле. Москвада бир жерде бир топ жыл чогуу турдук эле. Ал адамдын эмгегин түбөлүккө калтырыш үчүн жөн олтурбай сөзсүз түрдө бир иштерди жасашыбыз керек. Маселен, биринчи президент Акаевдин китепканасы деген бир жай элдин акчасына салынган, анын жарымын сатып, жарымы менчикте экен деген чыр чыгып жатат. Мына ошону чырга айлантпай эле бүткүл рух дүйнөбүз, кинобуз, сүрөтүбүз, адабиятыбыз, искусствобуз, музыкабыз Айтматов аркылуу өнүктү деп жаткандан кийин ошол жерди маданияттын ордосу катары “Айтматов атындагы борбор” деп туруп, ошол кишинин фондуна бериш керек. Ал кишинин эң чоң фонду бар. Ошондо ал жер жалпы кыргызга кызмат кыла турган эң бийик дөөлөтүбүз болуп калат деген ойдобуз.

Бүбүкан Досалиева:- Абдыкадыр мырза, адатта кыргыздар улуу адамдардын бир жерге атын коюу, китептерин чыгаруу, эстелигин орнотуу менен чектелет. Мындан башка сизде кандай идея бар?

Абдыкадыр Султанбаев:- -Бул сурооңузга жооп берерден мурда бул суук кабарды уккандан бери улуу адамдын дүйнөдөн кетиши бардыгыбыз үчүн кандай жоготуу болгондугун жана мындай катуу кайгырууну эч качан көрбөгөндүгүмдү айткым келет. Чынгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу мамлекеттин,өкмөттүн кыргыз элинин жана жалпы тирүүлөрдүн ыйык парзы болуш керек. Эки-үч күндөн бери ар кандай ойлор айтылып жатат. Чыңгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу акыл-эс менен терең салмактанып туруп, жасала турган иш. Анткени, ал кыргыз үчүн эң ыйык Манастай ыйык киши. Анан мен дагы ысмын татыктуу деңгээлде кантип калтырабыз деген ойдо болуп жатам. Мына Муратбек жакшы ойду айтты. Мен “Манас” аэропорту Чыкемдин демилгеси менен коюлган эле . Дүйнөнүн элдери “Манас” аэропортуна келгенде аны сөзсүз билишет жана алар Жибек жолу көчөсү аркылуу Тынчтык проспектиси аркылуу Бишкек жолун аралашат. Мен ушул Тынчтык проспектисин Айтматов проспектиси деп атаса эң туура болот деген ойдомун. Кыргыз эли, дүйнөдөн келген меймандар “Манас” аэропортунан Айтматов проспектиси аркылуу жолун баштап, ыйык жер “Ата Бейитке” өтүп кетээр эле.

Бүбүкан Досалиева:- Абдыкадыр мырза, сиздин абдан жакшы ойлоруңуз бар экен. Аны мамлекеттик комиссия менен өкмөт эске алат деген ойдобуз. Ал эми азыр Корчубек мырза, сиз жашы өйдөлөп калган адам катары калыс жана турмушка каныккан сөзүңүздү айтсаңыз: азыр айрым адамдар Айтматов чыгармалары, анын негизинде тартылган кинолору менен өзүнө өзү эстелик тургузуп кетти, мындан ары көп чыгымга түшкөн аракеттин деле зарылдыгы жок деген ойлорду айта башташты. Канчалык мыкты чыгарма, мыкты ой, философия болбосун аны артынан багып, кастарлап, турмуштун агымына жараша жаңылап улантып тургандар болбосо бара-бара кереги жок болуп калат го дейм. Ошон үчүн түрктөр Ататүрк Кемалды кастарлагандай Айтматовдун инсандык улуулугун баркташ үчүн эл-журт башчылары, эл жакшылары эмне кылыш керек?

Корчубек Акназаров:- -Мен жогорудагы сөзгө кошумча Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн кыргыз коомчулугу, өкмөтү көп нерсени ойлонуш керек дейм. Бир эле көчөгө атын берүү же эстелигин куруу гана эмес,көп нерселерди ойлонуш керек. Чынгыздын сөөгү “Ата Бейитке” коюлду. Менин кошумчам- эми Чыңгыз коюлган жерди көрөбүз деп дүйнөнүн төрт бурчунан келген адамдар ошол жерге бармайынча кетишпейт. Ошон үчүн ал жерге бир эле гектер эмес 10 гектар жерди бөлүп берсе деп өкмөткө сунуш кылаар элем. Ошол жер гүлдөсө, анан дүйнө элдери Чыңгызга берген белектери көп. Алардын баары ошол жерге коюлуп, маданий борбор кылып коюшса жакшы болот. Ошон үчүн өкмөт Айтматов коюлган жердин айланасынан 10-15 гектар жерди бөлүп берүүсүн суранаар элем.

Бүбүкан Досалиева:- Казат мырза, чет өлкөлөрдө улуу адамдар же алардын жакындары ысмын гана калтырбастан алардын эмгегин улантуусу үчүн Нобель сыйлыгы сыяктуу сыйлыкты белгилеп коюшат эмеспи. Чынгыз Айтматовдун жакындары же аны кастарлаган адамдар эл аралык деңгээлдеги ушундай кадамга бара алат деген үмүт барбы?

Казат Акматов:- -Айтматов атындагы сыйлык бар, бирок анын статусун көтөрүп, эл аралык сыйлык кылыш керек. Кыргызстанда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгыбыз бар, бирок ал мамлекеттин ичиндеги сыйлык. Ал эми Айтматов атындагы эл аралык сыйлык десек Нобель сыйлыгындай эл аралык деңгээлге айланып кетет деген ишеним бар. Экинчиден, Айтматов борборун түзүү эң биринчи маселе болуш керек. Мен Муратбек Бегалиевдин сунушун жан дилим менен кубаттайм. Акаевдин китепканасын сөзсүз түрдө Айтматовдун борборуна айландырыш керек. Анткени, ал китепканага да , музейге да абдан ылайыкталып салынган. Дагы бир имарат курабыз деп акча коротуп отурбай эле , өкмөттүн күчү менен борборго айландырыш керек. Эгерде Акаев акча дооласа биз ишкерлерди чакырып, акчасын төлөп берүүгө даярбыз! Баардыгыбыз кошумча бере алабыз. Анан дагы бир ой. Чыңгыз Айтматов Ысыккөл районундагы Бостери айылынан “Белек” деген кичинекей пансионатты сатып алган. Жери жакшы, 12-13 гектар жери бар. Ал жерге өз күчү менен Айтматов борборун салам деп,18 миң долларга долбоорун да чийдирген болчу. Ошону сала баштаган эле, эми аны калтырып салбай аягына чыгарыш керек. Айтматовдун жакындарына да кайрылаар элем, ошол ишти аягына чыгарыш керек. Айтматов эскерилчү борборлор үч жерде-Бишкекте, Таласта жана Ысыккөлдө болсо ашыкча болбойт. Тескерисинче, туристтик маршрут ушул үч жол менен кетсе өкмөткө пайдадан башка зыяны болбойт.

Бүбүкан Досалиева:- Бирок, азыр баалуулуктар өзгөрүп, асылдыктан мурун материалдык байлык биринчи орунга чыгып турган учур. Эгер Айтматовдун үй-музейи уюштурула турган болсо ага кол кабыш кылган жана аны өз үйүндөй сактаган адамдар табылаар бекен?

Муратбек Бегалиев:- -Акчадан да бийик нерселер бар. Жакшы суроолор берилип жатат, мен баарына эле кошулгум келип жатат. Мына азыр Нобель сыйлыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Аны Айтматов эбак эле ала турган кадыры бар эле. Эми ушул сыйлыкка көрсөтүү боюнча бүт түрк мамлекеттеринин президенттери биригип кат жазган экен. Бул маселе көзү тирүү кезинде көтөрүлүп калгандан кийин көзү өткөндөн кийин деле ала берет болуш керек. Муну да жөн койбой түрткүлөп айтып туруш керек. Көзү өткөндөн кийин алып калса деле кыргыздын маданиятын бийиктете турган улуу иш болот!

Бүбүкан Досалиева:- Абдыкадыр мырза, сиз кандай ой кошосуз? Чөнтөктүү адамдар ушундай идеяны көтөрүп кетүүгө моралдык мүмкүнчүлүгү жетеби?

Абдыкадыр Султанбаев:- -Менин оюмча, дүйнө элдеринин Айтматовдун чыгармаларына, мурасына, ойлоруна кызыгуусу эми гана башталат жана кийин кайрадан артат. Биз улут болсок, кыргыз деген элдик сезимибиз күчтүү болсо Айтматовдун ысмын элдерге татыктуу көрсөтүш үчун эч нерседен аянбашыбыз керек. Айтматов менен Манас кыргыз үчүн эч айырмасы болбош керек. Маселен, Таластагы “Манас ордо” комплекси бүткүл дүйнө элдерин өзүнө тартып жатат. Бишкекте да так ушундай чоң комплекс болуш керек жана ал жалпы улуттун сыймыгы болуп калыш керек!

Бүбүкан Досалиева:- Маегиздер үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG