Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

АКШ президенти Парижге эки күндүк сапар менен келди


Кошмо Штаттардын президенти катары Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө акыркы ирет ири сапарга чыккан Жорж Буш бүгүн кечинде Франциянын ордо шаарына келди. Ал Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баш кеңсесинде чыгып сүйлөп, Ооганстанга көмөк көрсөтүү чараларын мындан ары да күчөтүү, Израил-Палестин тынчтык келишимине үстүбүздөгү жылы эле жетишүү сыяктуу сунуштарын кайра кайталаары күтүлүүдө. Президент Буш буга чейин Словенияда, Германияда жана Италияда болуп, ар кыл жыйындарга жана эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышты. Анын мындан аркы кезе турган өлкөсү - Улуу Британия.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG