Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

9:30 Президент Курманбек Бакиев улуу жазуучу менен коштошуу зыйнатына келди


Бүгүн эртең менен Президент Курманбек Бакиев эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик эмгектин Баатыры Чыңгыз Айтматов менен жарандык коштошуу зыйнаты башталган Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга келди. Чыңгыз Айтматовдун жашап өткөн өмүр жолуна жана эмгектерине урмат көрсөтүү менен мамлекет башчысы улуу жазуучунун сөөгүнүн жанында ардак караулга турду. Өлкөнүн президенти менен бирге ардак караулга: ЖК төрагасы А. Тагаев, премьер-министр И. Чудинов, мамкатчы Досбол Нур уулу, КРнын президентинин администрация жетекчиси М. Садыркулов жана конституциялык соттун төрайымы С. Сыдыковалар турушту. Андан кийин Курманбек Бакиев жана аны коштоп жүргөн кишилер Чынгыз Айтматовдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты. Коштошуу зыйнаты уланууда. Бул туралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG