Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Орусияда акыркы убакта улутчуллуктун айынан көп адамдардын өмүрү кыйылууда. Өлкөдөгү кырдаал жана айыпкерлердин көп учурда жазаланбай калып жатышы улутчулдукка негизделген зомбулуктун күчөшүнө алып келди, дешет серепчилер. Анан калса бул жаатта маалымат каражатары дарегинен арбын сындар айтылат.

2006-жылы февралда Москвада Баумански базары кыйрап, жетимиштей адам мерт болгондо орус гезиттери бул кокустукту катуу талкууга алышкан.

ММКларга жарыяланган айрым макалаларда бул кырсыктын курмандыктары – Азербайжан, Грузия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттарга карата жек көрүүчүлүк сезимдер да билдирилген.

“Комсомольская правда” гезитине окурмандардын бири “Кудай жалгап бул окуя күндүз, москвалыктар көп жүргөн учурда болгон жок. Алардын баары Кавказдан эле келген немелер да” деген пикири жаряланган. Окурман андан ары курман болгондордун үйбүлөсүнө төлөнчү акчаны пенсионерлерге берсе сонун болоорун кошумчалаган.

Бул гезит дагы окурманынын “каралар” анын 81—жаштагы таекесине өз короосунда бышкан алмаларын саттырбай койгондугу тууралуу айткандарын келтирген. Орусияда “каралар” деген сөз адатта славян улутундагылардан башкаларга айтылат.

Адам укугу боюнча бир катар уюмдар көптөн бери эле орус маалымат каражаттарында байма-бай жазылган ксенофобиялык маанай жалпы улутук толкунга айланып, улутчулдукту күчөтөөрүн эскертип келишкен. Жыл башынан бери эле такырбаштардын колунан баш-аягы алтымышка жакын адам ажал тапкан.

Москвадагы “Сова” деп аталган уюмдун өкүлү Галина Кожевникова мындай дейт:

- Ксенофобия азыр өскөн жок. Эгер Левада борбору жүргүзгөн сурамжылоону карай турган болсок, ксенофобия турукташып калды. Улутчулдук маанай элдин 55-57 пайызын түзүп ошол калыбында турат. Бирок көп учурда маалымат каражаттары абалды курчуткан чагым роль ойноп жана ксенофобияны агрессияга айландырууда.

Назар Мирзод Санкт-Петербургдагы тажиктер жамаатынын төрагасы. Анын баамында орусиялык маалымат каражаттар салыштырмалуу азыноолок каражат үчүн чоң жумуштарды жасап жаткан эмгек мигранттарга каршы негизсиз макалаларды жарыялашат:

- Ал журналисттер же айрым жеңил-желпи гезиттер башка өлкөдөн келгендерди күнөөлөгөн макалаларды жазышат. Алар баарын бузуп жаткансып каралашат. Оорулуу болуп келип алып ооруларын жугузуп жатат деп күнөөлөшөт. Бул андай эмес. Башка жактан келгендер кылмышкер же ууру-кески эмес. Негизинен 70-80 пайызы куруучулар. Алар жумушчулар, карапайым адамдар. Гезиттер маселен тажиктер Орусияда канча имаратты куруп салганы тууралуу кеп кылышпайт.

Орус парламенти былтыр ММКда кылмыш тууралуу макала билдирүү жарыялаганда, кылмышкер жана анын курмандыгынын улутун жазбоого тыюу салган мыйзам долбоорго добуш беришкен.

Бул мыйзам долбоорду этникалык азчылыктын өкүлдөрү жана адам укугу боюнча өнөктүктүн жигердүү катышуучулары чогуу-чаран иштеп чыгышкан. Бирок талдоочулар бул мыйзамды айрым эпчил журналисттер каалагандай кайпып өтө алаарын, ал көз жаздымда калаарын айтышат.
XS
SM
MD
LG