Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

11:35 АКШ элчилиги Кыргызстандын элине Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына көңүл айтат


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун кайтыш болгондугуна терең кайгырат. Чыңгыз Айтматовдун бул дүйнөдөн өтүшү кыргыз элине гана эмес жалпы адамзат үчүн оор жоготуу. Анын эмгектери көп тилдерге которулур, дүйнө элдери сүйүп окушкан. Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу дүйнө жүзү кыргыз элинин бай маданиятын, руханий кеңдигин таанып билген.
Чыңгыз Айтматов Кыргыз Республикасынын жазуучусу гана эмес эларалык ишмери, мамлекеттик кызматкери болгон. Ал кыргыздын патриоту катары эки жолу элчилик жана парламенттин депутаты катары кызмат өтөгөн.
АКШ элчилиги жамы эларалык коомчулук менен бирге улуу жазуучуну жоктойт.
Биз Айтматовдун үйбүлөсүнө жана жазуучуну сүйгөн, урматтаган кыргызстандыктарга көңүл айтабыз.(GA)

XS
SM
MD
LG