Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

12:40 К.Бакиев: Асмандан чоң жылдыз өчтү


Аза күтүү митингинде сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасын жана анын элин зор кайгы басты деди. “Биз улуу жазуучу жана ойчул Чынгыз Төрөкулович Айтматовду акыркы сапарга узатуудабыз. Бул чексиз жана эбегейсиз чоң жоготуу. Кыргыз эли өзүнүн эң бир чыгаан уулун жоготту. Биз эле эмес, дүнүйө жүзү сөзү планетадагы миллиондогон кишилердин жүрөгүн козгогон, руханий алпты жоготту”, - деди К. Бакиев. Президент ошондой эле Чынгыз Айтматовдун өлүмү – дүйнөлүк маданиятка, адабиятка жана коомдук ой жүгүртүүгө оор сокку болгонун белгилеп, “XX кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана гуманизмдин чыныгы коргоочусу, ал Кыргызстанды – биздин мекенибизди дүйнөлүк адабиятка алып чыкты жана адамзаттын руханий жетишкендиктеринин образы кылды. Чынгыз Айтматовдун повест жана романдары – бул биздин өлкөнүн тарыхы жана азыркы жошоосу боюнча эң сонун окуу куралдары. Ал кыргыз элинин уулу болгон. Өз элине ал өмүрүнүн акырына чейин зор талантын жана руханий алп күчүн берди”, - деп айтты.

Өлкө башчысы мындан сырткары Чынгыз Айтматовдун дүйнөлүк абройун анын чыгармаларынын 170 тилге которулуп, 60 миллиондук нуска менен басылган фактысы, СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын жана көптөгөн өлкөлөрдун мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болгондугу далилдеп тургандыгын белгилеп, маркум Кыргыз Республикасынын элчиси катары, өлкөнүн коомдук жана саясый кызыкчылыктарын көтөрүп чыгууда эбегейсиз эмгек сиңиргендигин айтты. Мамлекет башчысы жазуучунун туугандарына жана жакындарына дагы бир жолу чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуусун билдирди. “Бүгүн аза күтүү күнүндө Чынгыз Төрөкулөвич Айтматовду кыргыздар, мекендештери эле эмес, бүткүл дүйнөлүк маданият акыркы сапарга узатууда. Ушул саатарда жер жүзүнүн ар кайсы аймактарында аны акыркы сапарга узатып, коштошууда, мен маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Бул жоготуунун аза кайгысын сиздер менен миллиондогон элдер бөлүшүүдө”, - деди К. Бакиев. Президент сөзүнүн аягында улуу Чынгыз Айтматовдун жаркын элеси элдин жүрөгүндө түбөлүк жашайт, анын укмуштуудай чыгармалары дүйнөлүк маданияттын казынасында түбөлүк сакталат деп белгиледи.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG